(Кыргыз) Фактчек. Полиция жүргүнчүлөргө эмнеге кол көтөрдү?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Март айынын башында социалдык тармактарда полициянын метро жүргүнчүлөрүн аёсуз ур-токмокко алганы тартылган видео тарады.  Тасма автору «Кытайда эмне болуп жатканын көрсөңүз», — деп жазган.

Дүйнөдө коронавируска байланыштуу пандемия болуп жаткан оор кырдаалда мындай видеолор чоң резонанс жаратып, колдонуучулар тарабынан тез жайылууда. Көпчүлүк маалыматты текшербей туруп, анын анык экенине терең ишенип калат.

Чындыгында видео качан жана кандай жагдайда тартылган, Factcheck.kg териштирди.

Тасманы кылдат көрөбүз, анда окуя болуп өткөн станциянын аты жазылганын байкайбыз.

«Prince Edward Station» деп издөө салабыз да, окуя Гонконг жергесинде болгонун аныктайбыз.

Маалыматты андан ары «Prince Edward Station Police Clash» деп издесек, The Guardian басылмасы окуя тууралуу  31-августта жазып чыкканын биле алабыз.

Ал эми датаны билип алган соң, маалыматтын алгачкы булагын табабыз, ал —  Hong Kong Free Press ЖМКсы болуп чыкты. Аталган ЖМК видео Гонконгдогу каршылык акциясы учурунда, 2019-жылдын август-сентябрь айларында тартылганын тастыктайт.

Жыйынтык: Полиция тарабынан ур-токмокко алынган жүргүнчүлөр тууралуу тасманын коронавирус дарты менен байланыштыруу – бул дезинформация.

Окуя 2019-жылы август-сентябрь айларында каршылык акция учурунда Гонконгдо тартылган.