(Кыргыз) Фактчек. Ысык-Көлдөгү кара суучулдар тууралуу

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Май айынын орто ченинде социалдык тармактарда  Ысык-Көлдө байкалган «кара суучулдар» тууралуу маалымат пайда болду.   

Кара суучулдар тууралуу макаланын баарыtourist.kg булагына таянган. Аталган сайтта бул “жаңылык” 2017-жылдын 19-июнунда жарыяланган.

Ал эми tourist.kg сайты алгачкы булак боло алабы? Текшерип көрөлү. Ал үчүн жаңылыктын темасы жана тексти аркылуу эки башка издөө салабыз.

Google аркылуу текстин текшерсек, 14 сайт чыкты. Анын арасында 2010-жылдын 6-августунда өткөн форум тууралуу макаланын шилтемеси пайда болду.

Маалыматтын булагы катары «Панорамал» сайты көрсөтүлгөн.

Бирок бул ресурс иштебегенине байланыштуу маалымат качан пайда болгонун текшерүү мүмкүн эмес.

Маалыматты «Черные водолазы Иссык-Куля» деген тема аркылуу текшерген болсок,Kyrgyzstantravel.net сайтында илинген макалага туш болобуз.

Бул жерде дагы макаланын качан чыккандыгы тууралуу малымат жок, булак катары бир гана «ВБ-2004.01.16» деген текст көрсөтүлгөн.

Бул 2004-жылдын 16-июнунда «Вечерний Бишкек» гезитине чыккан маалымат деп божомолдойбуз.  Издөө гезиттин эски сайтына алып келет: http://vecherka.kg. Изделген маалымат оңой эле табылып калды.

Макалын автору Юрий Александров. Ал 2008-жылга чейин «Вечерний Бишкектин» Ысык-көл облусундагы атайын кабарчысы болгон. 2008-жылы каргашалуу өлүмгө учураганына байланыштуу, автордон маалыматты тактоо мүмкүн болбоду.

Материалда «черные водолазы Байкала» деген маалымат да кездешет. Аны интернеттен издеп көрдүк. Буга чейин табылган Kyrgyzstantravel.net жана Tourist.kg сайттары чыкты. Мындан тышкары аталган форум тууралуу бир нече россиялык сайттар жазып чыккан. Башка маалымат табылган жок.

Tourist.kg сайтындагы макалада колдонулган сүрөттү текшеребиз.

Сүрөт аркылуу издөө салганыбызда «Человек-амфибия. Морской дьявол» тасмасындагы кадр колдонулганы белгилүү болот.

Мындан тышкары макалада аталган генерал–майор Демьянко жана подполковник Зверевди текшерип көрөбүз. Демьянко фамилиясы менен генерал башка эч жерде айтылган эмес.

Ал эми   подполковник Зверевди текшерүү мүмкүн болгон жок. Анын инициалдары жана туулган жылы белгилүү эмес болгондуктан жана андай фамилия менен аскердик наамы бар адамдар интернетте өтө көп кездешет.

Жыйынтык:

  • Kyrgyzstantravel.net жана Tourist.kg сайттарындагы макалалар Юрий Александровдун «Летающие подлодки инопланетян» аттуу макаласынан жарым-жартылай алынган.
  • Анык материалда Ысык-Көл облусунун жашоочуларынын гана көргөзмөлөрү колдонулуп, маалыматты тастыктоочу бир да сүрөт же видео жок. Буга байланыштуу окуянын чын эле болгону күмөн жаратат. Мында бир нече ушактар бир макалага чогултулган. Ал тууралуу автор Юрий Александров өзү да белгилеген.