(Кыргыз) Фактчек: Орусия 9-январдан тарта аскер кызматына милдеттүүлөрдүн өлкөдөн чыгуусун чектей баштадыбы?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

9-январдан тарта Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына караштуу чек арачылар аскер кызматын өтөгөнгө даярдагы “А”, “Б” жана “В” категориядагы жарандардын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө чектөө киргизиши керек деген маалымат коомдук тармактарда таркатылып жатат.

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматтын аныктыгын текшерди.

Биз алгач буйруктун текстин тыкыр текшерип чыктык.

Орусиялык мамлекеттик стандарттарга (ГОСТ) ылайык, расмий кагаздарда дата сөз жана сандар менен жазылышы керек: мисалы, 2016-жылдын 5-июну (5 июня 2016 г.). Өзүңөр байкагандай, датаны ушинтип жазганда 10го чейинки сандарда “0” коюлбайт. Биз текшерип жаткан кагазда “0” саны коюлган.

Ошондой эле буйрук чыгарып жатканда мыйзамга шилтеме кылуу зарыл. Мисалы, 2022-жылдын 21-сентябрындагы жарым-жартылай мобилизация тууралуу буйрукта 1996-жылдын 31-майында кабыл алынган № 61-ФЗ “Коргонуу жөнүндө”, 1997-жылдын 26-февралында кабыл алынган № 31-ФЗ “Мобилизациялык даярдык жана Орус Федерациясындагы мобилизация жөнүндө” жана 1998-жылдын 28-мартында кабыл алынган № 53-ФЗ “Аскер милдети жана аскер кызматы жөнүндө” мыйзамдарга шилтеме кылынган болчу.

12-пунктта ашыкча символ бар, бул да расмий кагазда мүмкүн эмес.

Документте тийиштүү кызмат адамдардын жана расмий органдардын мөөрү жана колдору жок.

Дагы белгилей кетүүчү жагдай, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын сайтында 2023-жылдын 6-январында кабыл алынган №8 буйрук жарыяланган эмес.

Бүгүнкү күндө расмий түрдө учурда же мурда мамлекеттик сырлар менен тааныш болгон кызматкерлерге же жарандарга, кылмыш жасагандыгы үчүн айып коюлган адамдарга, карызы барларга же өзү тууралуу жалган маалыматтарды бергендерге Орусия Федерациясынан чыгып кетүүгө чектөөлөр киргизилген.

Тыянак: калп. Бул документ Орусия Федерациясынан мамлекеттик стандарттарына ылайык түзүлгөн эмес, тийиштүү кызмат адамдардын жана расмий органдардын мөөрү жана колдору жок, жасалма болуп эсептелет.