(Кыргыз) Фактчек: Ооганстанда белгисиз оорунун очогу пайда болдубу?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Ооганстанда белгисиз оорунун очогу пайда болгондугу тууралуу маалымат маалыматтык порталдар жана мессенджерлер аркылуу таркатылууда. Учурда 80 адам бул ооруну жуктуруп, эки жаш бала каза болгону айтылууда.

© РИА Новости / Стрингер. Ооганстандын бейтапканасындагы пациенттер. Архивдик сүрөт

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматты текшерди.

Биз аныктагандай, чынында эле Забуль провинциясынын чыгышындагы Шаджой районунда бир сутка аралыгында 80 адам ооруну жуктуруп, эки жаш бала каза болгон. Бул тууралуу 20-декабрда жергиликтүү бийликке шилтеме кылып оогандык TOLOnews жаңылык телеканалы билдирген.

Билдирүүгө ылайык, Забулдун Саламаттык сактоо департаментинин директору Абдул Хаким Хакиминин сөзү боюнча, “шектүү оорунун” негизги белгилери – дененин табынын көтөрүлүшү, мурдан кан агышы. Дарыгер учурда 80 адам ооруп калганын, эки баланын өлгөнүн тастыктаган.

Учурда бул эмне оору экени аныктала элек жана аны дарылоо ыкмалары да белгисиз. Ага карабай, Хакиминин айтымында, медициналык кызматкерлер ооруну жуктуруп алгандарды дарылоо менен алектенишүүдө.

Инфраструктуралык объектилердин, анын ичинде медициналык мекемелердин жоктугу, Оогандын алыскы аймактарында таза сууга жетүү маселеси курч экендиги, климаттын өзгөрүшү Оогандын калкынын арасындагы жакырчылыктын деңгээлин 97%га жеткирип, элдин ар түрдүү оорулардын алдында алсыздыгына алып келди.

Эскерте кетсек, Ооганстан – дүйнөдөгү эң начар өнүккөн өлкөлөрдүн бири, 2021-жылы АКШнын кетиши менен аны талибдер* басып алганга чейин өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын толугу менен чет элдик донорлор каржылап келген.

Быйыл жайында Забуль провинциясы башка оорунун очогу болгон: майда Шаджойдогу 200 адам тырышманын (холеранын) белгилери бар оору менен ооруган. Врачтар аны гигиенанын начардыгы менен түшүндүрүшүүдө. Ал эми ноябрдын аягында көк жөтөл менен бул жерде 300 адам ооруп, эки жаш бала каза болгон.

Тыянак: чындык. Ооганстанда белгисиз оорунун очогу пайда болуп, 80 адам бул ооруну жуктуруп, эки жаш бала каза болгон.

*«Талибан» кыймылына Кыргыз Республикасында тыюу салынган.