(Кыргыз) Өзбекстан жараны коронавирустан көз жумганы тууралуу фейк

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

«Өзбекстанда коронавирустан алгачкы өлүм катталды. Бир эркек киши көз жумду» деген аталышта макала 17-мартта asia-times.org сайтында жарыяланды. Анда бейтап 14-мартта илдетке кабылгандыгы тууралуу маалымдалат. Сайт өз жаңылыгында  Өзбекстандын саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына жана өлкөнүн башкы санитардык дарыгери делген Юсупалиев Баходир Кахрамановичке шилтеме кылган.

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/42e31c77f8fd953e5af89c48861014d135928ca8.png?resize=640%2C409&ssl=1

 

Жаңылыкты “Ынтымак Media” ЖМКсы өз сайтында өзбек тилинде чыгарганга жетишкен. Бирок, бир аздан соң макала сайттан өчүрүлгөн.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/0e4d94fac8de8750585cf514d447912c86979383.png?resize=619%2C359&ssl=1

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/1b96a4ad8d1cfc6333e14f2c6e83fc8f265b1d93.png?resize=640%2C355&ssl=1Күмөн жараткан маалымат социалдык тармактарда кеңири жайылып кеткен.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/2fdfd718e1c6583c26e703f53365ef420ffc7757.png?resize=640%2C566&ssl=1

 

Жаңылык чыккандан тарта 5 саат өткөн соң, Өзбекстан Саламаттык сактоо министрлиги kun.uz  басылмасына интервью берип, маалыматты четке каккан. Басма сөз кызматынын жетекчиси Фурхат Санаев “Мунун баары жалган!” – деп жооп берген.

 

Мындан тышкары, макалада башкы санитардык дарыгер деп айтылган Баходир Юсупалиев чынында министрдин биринчи орун басары экени аныкталган.

Factcheck.kg asia-times.org сайтынан буга чейин эки ирет фейк маалыматты таап чыккан.  Алгач, 2018-жылы аталган сайт Кыргызстанда менингиттин айынан балдардын өлүмү катталгандыгы тууралуу жазып чыккан.  Ал кезде да сайт расмий кызматты ээлеген адамдардын айтканына шилтеме жасаган. Бирок, чынында аталган кызмат ээлери башка адамдар болуп чыккан.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/c3ca65f00672816beccad4ee7f4ed8505358bf76.png?resize=640%2C492&ssl=1

Саламаттык сактоо министрлигинин ал кездеги өкүлү Елена Баялинова бул маалымат провокация экенин жазып чыккан.

Ал эми 2019-жылы, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жаңжал чыккан кезде  Азия-Таймс эски видеону өз сайтына жүктөп, аны актуалдуу, жаңы деп берген.

Жыйынтык: Өзбекстан жараны коронавирустан көз жумду деген маалымат — фейк