(Кыргыз) Фото-чек: Интернетте Сергей Шнуров жана Евгений Пригожиндин  өзүн  ЛЭР  жарыялаган аймактагы сүрөттөрү пайда болду  

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Георгий Болонев аттуу актер  5августта “ВКонтакте” соцтүйүнүндө Луганск облусундагы Ирмино шаарында тартылган сүрөттү жарыялаган.  Анын жанында ырчы Сергей Шнуров жана бизнесмен Евгений Пригожинди көрүүгө болот.  Эскерте кетсек, Евгений Пригожин Украинадагы согушка кыргызстандыктарды жана казакстандыктарды тарта баштаган  “Вагнердин жеке аскер компаниясын” каржылоодо деп шектелүүдө.

Шнуров жана Пригожиндин “ЛЭР”де болгондугу туурасында Стаханов шаарынын “администрациясы” дагы маалымдаган. Жаңылыкта ушул эле сүрөт болгон. Бирок көп өтпөй бул маалымат өчүрүлгөн.

Сүрөттө Сергей Шнуровдун бети одоно чапталганы эле  фотомонтаж болгонунан кабар берет.

Мындай резонансты күтпөгөн Георгий Болонев  10 саат өткөндөн кийин социалдык түйүндөгү баракчасына фотосүрөттүн оригиналын жарыялады.  Байкалгандай мында такыр башка адамдын сүрөтү турат.

Бир кичинекей кызыктуу сүрөттөн канча ызычуу чыгатСергей Гарусов менен чогуу  Донбасска тургундардын жашоосун көрүү,  аларга эмне жардам бере аларыбызды түшүнүү үчүн келгенбиз. Мен жазып кеткендей, эски таанышым Евгений Викторовичти жолуктуруп калдым. Сергей Гарусов Стаханов көчөлөрү менен бара жатканда, өтүп бара жаткандар аны Шнуровго окшоштуруп жатышты. Согуштан кийинки Стахановго бир күлкүлүү сүрөт канча бакыт тартуулаганын элестетип көргүлө”, – деди Болонев өз сөзүндө.

Кийинчерээк фейк сүрөткө жана анын айланасындагы ызы-чууга Сергей Шнуров өзү да жооп кылып 2021-жылы өткөн Санкт-Петербург экономикалык форумундагы сүрөтүн (ушул сүрөтү фотомонтаж үчүн колдонулган) жарыялаган.

Журналист деп аталгандар менин фамилиямды дагы бир жолу “жаңылыктарга” алып чыгышты.  Бир Швейцарияга көчүп кетти, кайра ЛЭРге кетип калды дешет.  Кыскасы эч кимиси кайда экенимди билбейт, бирок кызыгышат.  Силер көрүп тургандай, бул монтаждалган ызы-чуу жараткан сүрөттүн оригиналы. Мен бул сүрөттө жокмун, болушум да мүмкүн эмес. Менин бетимди каалаган жакка чаптай беришсин, бирок мунун менин реалдуу жашоомо эч кандай тийешеси жок. Саламатта болуңуздар“.

Эскерте кетсек, учурда Сергей Шнуров “Ленинград” тобунун башка катышуучуларындай эле өргүүдө жүрөт. Ал аялы менен Швейцарияда жүргөнү  байкалган.

Бүтүм: жалган. Оригинал фотосүрөттө Сергей Шнуровдун ордунда актер Сергей Гарусовдун сүрөтүн көрүүгө болот.