(Кыргыз) Путин Зеленскийдин катышуусундагы дебатты көргөнбу?

(Кыргыз) Путиндин телевизор көрүп отурган сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Путиндин телевизор көрүп отурган сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Ал көрүп аткан сыналгыдан Украинадагы президенттике талапкерлер Петр Порошенко жана Владимир Заланскийдин дебаты түз эфирде көрсөтүлгөн өңдөнөт.

«Маша жана медведь» мультфилмин «кремль пропагандасы» деп атаган The Times макаласын талкуу учурунда дал ушул сүрөт колдонулган. Бирок анда сыналгыдан дебат эмес, мультфильмди көрүүгө болот.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/318ecf303891524d4eb784639df341712792de1c.JPG?resize=640%2C482

Ал эми сүрөттүн оригиналын сапаты мыкты сүрөттөрдүн сайттарынан тапса болотhttps://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/3298f4e68c3f1672928d424659a42b068953e058.JPG?resize=640%2C376

Мүнөздөмөдө Алексей Дружинин Путинди параолимпиадалык оюндарды көрүп аткан учурда тартып алганы айтылат. Сүрөт 2012-жылдын 1-сентябрында президенттин Ново-Огареводогу резиденциясында тартылган.

Жыйынтык:

Украинадагы президенттик жарыштын катышуучулары Порошенко менен Зеленскийдин дебатын көрүп отурган Путиндин сүрөтү чындыкка дал келбейт, ал фейк.