(Кыргыз) Фоточек: Зор козу карын – дүйнөдөгү эң чоң организмби?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Интернетте зор козу карындын сүрөтү таркатылууда, ал дүйнөдөгү эң чоң тирүү организм имиш. Түшүрмөдө козу карын мицелий менен 890 гектар ээлейт деп айтылат.

Factcheck.kg редакциясы бул сүрөттү текшерип, ага байланыштуу маалыматтын аныктыгын текшерди.

Фотография менен тексттин бир-бирине дал келбеши

Зор козу карындын сүрөтүн көптөгөн коомдук тармактардан жана маалыматтык булактардан тапса болот, алардын бардыгында сүрөт бир эле текст менен коштолот.

Мына ушунда биринчи дал келбестик байкалат. Анткени текстте зор өлчөмдөгү бир козу карын тууралуу эмес, мицелий тууралуу айтылат.

Эгерде чынында эле ушундай козу карын болгон болсо, анда анын сүрөттөрү кыйла көбүрөөк болмок деп божомолдосок болот. Мындай уникалдуу көрүнүштүү окумуштуулар тыкыр изилдеп, ал көптөгөн туристтердин, журналисттердин кызыгуусун жаратмак. Бирок зор өлчөмдөгү козу карындын бир гана сүрөтү бар.

Козу карындын сабына карасак, ал жулунуп алынганы байкалып турат, демек ал тик тура алмак эмес:

Сүрөттүн өзүн жакшылап карасак санариптик жасалгаланган жерлери байкалып турат. Козу карындын айрым четтери бүдөмүк, айрым четтери так, бул фотомонтаждын белгиси:

2016-жылы Waffles at Noon козу карындын ушул сүрөтүнө байланыштуу Берклидеги козу карындар экологиясы боюнча ардактуу профессор Том Брунска кайрылган болчу. Профессор бул козу карынды «Boletus photoshopus» деп атап, ал өзүнүн табигый чөйрөсүндө – санариптик сүрөттө тартылганын айткан.

Кийинчирээк Брунс Snopes сайтына жолдогон катында бул сүрөттүн жаралышы тууралуу айтып берген. Белгилүү болгондой, сүрөт 2000-жылы “тамаша лабораториялык портрет” катары жасалган. Брунс жана анын окуучусу Редекер 20 см өлчөмдөгү Boletus rex-veris (подберезовик) козу карындын сүрөтүн колдонуп, Photoshop’то анын өлчөмүн чоңойтуп зор козу карындын сүрөтүн жасашкан:

“Бул сүрөт 2000-жылдардын башында Улуттук Сьерра токоюндагы Динки-Крик деген райондогу талаа иштери учурунда тамаша лабораториялык портрет катары жасалган болчу. Анын үстүндө Дирк Редекер экөөбүз иштегенбиз. Идеясы жана тартылышы меники болчу, ал эми Дирк фотошоп кылган. Көп жылдар эл алдындагы жана илимий докладдарымда, класстагы лекцияларымда мен аны тамаша-слайд катары колдонуп келгем. Ошондой эле ал көп жылдар лабораториянын веб-сайтында башка тамаша материалдардын арасында илинип турду”.

Бул сүрөттөн башка дагы “зор козу карындын” сүрөтүн тапса болот. Малур паркынын кызматкерлери бул сүрөттүн жалган экенин билдиргендерине карабай, бул сүрөт интернетте кеңири таркатылып келет.

Чындыгында эң чоң козу карындын көрүнүшү кандай?

Улуттук Малур паркынын кызматкерлери козу карын тууралуу кенен маалымат камтылган документти жарыялашкан.

Документте айтылгандай, анын аталышы Armillaria ostoyae. Малур паркында бир нече мицелий бар. Алардын эң чоңу 965 гектар аянт жерди (болжолдуу 1220 футбол талаасын) ээлейт. Анын болжолдуу жашы – 2400 жыл. Анын салмагы ондогон тоннага жетет.

Armillaria ostoyae козу карындын көрүнүшү ушундай.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул козу карын мите организм болуп эсептелет. Armillaria ostoyae ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдүн тамырларына жайылып, аны ээлеп, мителик кылып аны өлтүрүп, чиритет. Дарактарды өлтүргөн патоген болуп эсептелген бул козу карын көп жылдар бою өлүк жыгач массасында сакталышы мүмкүн.

Козу карындын ризоморфдорун (козу карын жиптеринин чиелениши) шамалдан кулаган оорукчал дарактардын ачылып калган тамырларынан байкаса болот.

Козу карын жылына 20 сантиметрден 1 метрге чейин жай жайылып, дарактын кабыгынын алдында козу карын затынын (мицелийдин) катмарын түзөт. Ошентип козу карын тирүү жыгач менен азыктанат. Бир даракты өлтүргөнгө козу карынга 20 жылдан 50 жылга чейин убакыт кетет. Дарак өлгөн күндө да козу карын өлүк жыгач массасы менен азыктана берет.

Armillaria жайылган жердеги өлүк жана тирүү дарактар. Алдыңкы катардагы дарактер мурдараак өлгөн.

Дүйнөдөгү эң чоң тирүү организм эмес

Armillaria ostoyae козу карыны Гиннестин рекорддор китебинде эң чоң козу карын жана эң чоң тирүү организм деген рекордду кармап турган. Бирок 2022-жылдын июнунан баштап эң чоң тирүү организм деп Posidonia australis (Посейдондун лента балырлары) деңиз чөбү эсептелет. Батыш Австралияда Шарк-Бейде табылган деңиз чөбү болжолдуу 200 чарчы клометр аянтты (28 000 футболдук талааны) ээлейт. Armillaria ostoyae эми эң чоң козу карын гана болуп эсептелет.

Тыянак: калп. Козу карындын сүрөтү жасалма, ал эми 2022-жылдын июнунан тартып эң чоң тирүү организм деп Посейдондун лента балырлары эсептелет.