(Кыргыз) Активист Айжан Мырсалиева улут аралык кастыкты козуттубу? Фактчек

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

2022-жылдын 23-июлунда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы саясий активист Айжан Мырсалиевага карата Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык жана улуттар аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

«Милициянын маалыматы боюнча, социалдык тармактарда Айжан Мырсан «улуттар аралык кастыкты (аразчылыкты) козутууга багытталган, ошондой эле улутка карата кемсинтүүнү үгүттөгөн видеону жарыялаган», – деп билдирди Kaktus Media басылмасы. 

Factcheck.kg Айжан Мырсалиеванын видео кайрылуусуна саресеп салып, активист чын эле улут аралык кастыкты козутканын текшерип көрдү.

Мырсалиеванын Facebook социалдык тармактагы баракчасына чыккан түз эфиринин үзүндүсүн @rinat_usupbaev аттуу Tik Tok колдонуучусу өз баракчасына жүктөп, сынга алган.

Мырсалиева эмне деген? 

“Биз Совет доорун жек көргөнүбүз менен, дал ошол Совет доору көп нерсени берген. Ал бизге театрларды курган. 30 жылда биз эмнеге жеттик? “Мен накта кыргызмын, башкалар кеткиле”, деп төш какканыбыз менен биз эмнеге жеттик? “Орустар, дунгандар, уйгурлар кеткиле, биз титулдук улутпуз” дейбиз. “Биз бул жерде жалаң титулдук улуттан турган Кыргызстанды курабыз” дейбиз. Бирок, 30 жылда 10 миң адам чогулуп, аянтта кыйкыргандан башка эмне кылдың? Эч нерсе кыла алган жоксуң! Сен, кара таман, Москвада мигрант болуп жүрөсүң, сенин сыймыктана турган эч нерсең жок!”,  – деп билдирген ал.  

Мыйзамда кандай жазылган? 

Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине ылайык, расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же кемчиликтерин пропагандалоо, ачык же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу, ошондой эле Интернет тармактарынын жардамы менен жасалса, 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Башкача айтканда мыйзамда бир улуттун, расанын, диндин, региондун өкүлү өзүн башка улуттун, расанын, диндин, региондун өкүлүнөн бийик койгон учурлар көрсөтүлөт. Мындан улам, Айжан Мырсалиеванын улуту ким деген суроого жооп маанилүү жана чечүүчү болду.

Мырсалиеванын улуту ким?

Factcheck.kg редакциясы активист менен байланышып, анын улутун тактады. Мырсалиева редакцияга өзүнүн документтерин жөнөттү. Белгилей кетсек, 2017-жылдын апрель айында ал фамилиясын “Жусуповадан” “Мырсалиевага” өзгөрткөн.

Мырсалиева бизге мурдагы жана жаңы папортунун көчүрмөсүн, фамилиясын алмаштырганы жана туулганы тууралууу күбөлүктөрүнүн көчүрмөсүн жөнөттү.

 

Жаңы паспорттон башка документтердин баарында активисттин улуту кыргыз экенин тастыктоочу маалымат бар.

«Кыргыз кыргызга сын айтса – бул өзүн-өзү сындоо»

Мырсалиева өзүнүн кайрылуусунда кыргыздарды сындаган.

«Ал өзү кыргыз болгондуктан, башка кыргыздарды сындаганы улут аралык кастыкты козутуу болуп эсептелбейт. Бул өзүн-өзү сындоо. Ал эми эгерде ал кыргыз болбой туруп, кыргыздарды сындаса, анда анын кайрылуусун белгилүү бир контекстке ылайык, улут аралык кастыкты козутуу аракети десек болмок”,- деп билдирет «Прецедент өнөктөш тобу» коомдук уюмунун директору, юрист Нурбек Токтакунов редакцияга берген маегинде.

Өзүн-өзү сындоо – психикалык жактан жетилген жана өнүккөн инсанга мүнөздүү жөндөмдүүлүк, ал өзүнүн жашоосун жана инсандыгын рефлексивдүү кабылдоодон, жүрүм-турумда да, психикалык чөйрөдө да кетирилген каталарды өз алдынча издөөдөн турат.

«Мындан тышкары, ал уйгур, дунгандар тууралуу айтып атканда аларга жеке өзү кайрылбаганын, кыргыздын улутчулдарынын сөздөрүн цитата кылып бергенин белгилеп кетүү зарыл, – дейт Токтакунов, – «Бул жерде эч кандай улут аралык кастыкты козутууну көргөн жокмун. 30 жылда экономикалык жактан өнүккөн, туруктуу мамлекет кура алган жокпуз деп атат. Жарандык иденттүүлүк деңгээлинде улутту калыптандыра алган жокпуз. Бул улут деген түшүнүктү жарандык иденттүүлүк катары жокко чыгарган кыргыз улутчулдарына кайрылуу. Бул жерде миграция маселелери боюнча да билдирүү бар», – дейт ал. 

Жыйынтык: жалган. Активист Айжан Мырсалиева өзү кыргыз болгондуктан, анын кыргыздарга сын айтуусу улут аралык кастыкты козутуу болуп эсептелбейт.