(Кыргыз) Фоточек: Алп жылкылардын уникалдуу сүрөттөрүбү же фотомонтажбы?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Коомдук тармактарда алп жылкылардын эки сүрөтү таркатылып жатат. Алар “Техастын бир жеринде… 20-кылымдын башында” тартылган деп айтылууда. Жылкылар ушунчалык зор болгондуктан, жанында турган адамдар эргежээлдей болуп көрүнөт.

Сүрөттөр колдонуучулардын зор кызыгуусун жаратты. Айрымдар фотомонтаждын белгилерин көрүп, сүрөттөрдүн аныктыгынан шек санашты: “бул 20-кылымдын башындагы фотошоп экенинен талаш жок, бир гана ал кийин ретушь кылына турган фотоаппликация деп аталчу”. Бирок колдонуучулардын көбү сүрөттөргө, бир кезде Техаста ушундай алп мүчөлүү жылкылар болгонуна  ишеништи.

Factcheck.kg редакциясы сүрөттөрдүн аныктыгын текшерип, чынында эле ушундай алп жаныбарлар болгонбу, жокпу аныктады.

Эң чоң жылкылар

Эң чоң жылкы породаларына төмөнкүлөр кирет:

  • Арден. Бою – 152-163 см.
  • Брабансон. Бою – 156-168 см.
  • Першерон. Бою – 150 см.
  • Владимирдик оор жүк ташуучу. Бою – 175 см чейин.
  • Советтик оор жүк ташуучу. Бою – 170 см чейин.
  • Шайр. Эң чоң оор жүк ташуучулардын породасы. Эң чоңунун бою – 219 см түзгөн.

Жылкылар боюнча Horse Spirit тематикалык сайтында, бойлору расмий түрдө тастыкталган 10 эң ири жылкылар тууралуу маалыматты тапса болот. Эң чоң жылкылардын катарына Сампсон, Зевс, Соверен, Биг Джейк, По, Ремингтон, Радар, Крекер жана Голиаф кирет. Бирок алардын бою 170-219 см түзгөн.

Гиннестин рекорддор китебинде эң чоң жылкы деп Сампсон аты аталат, кийин аны Мамонт деп атай башташкан. Сампсон шайр породасына таандык ат болгон. Анын ээси Улуубританиядагы Бедфордшир графтыгындагы Томас Кливер болчу. Ат 1846-жылы туулган. 1850-жылы анын бою 2,19 метрди түзүп, салмагы 1524 кг болгон.

Тарыхтагы эң чоң ат Сампсон. Бирок анын фонунда деле адамдар эргежээлдей көрүнбөйт

Сүрөттөр жасалма эмеспи?

Сүрөттөр боюнча издөөлөр көрсөткөндөй, алар Imgur сайтында жакында эле 2023-жылдын 6-апрелинде жана 23-апрелинде гана жарыяланган (1-сүрөт, 2-сүрөт). Андан кийин алар коомдук тармактарда таркатыла башташты.

Бир караганда бул сүрөттөр чыныгы сүрөттөй болуп көрүнөт: адамдардын кийимдери, алардын артындагы үйлөр – бардыгы XX кылымдын башындагы доорго туура келет. Бирок үңүлүп караганда алардын жасалма экендигин айгинелеген айрым каталарды байкаса болот. Бирок алар фотомонтажга эмес, жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган сүрөттөргө мүнөздүү каталар.

Мисалы, сүрөттүн биринде ат жабдыгы аттын соорусуна гана бекитилген, төшүндө ал абада илинип турат. Ушул эле жабдык аттын артында асманда илинип турат, андан ары ал жөн эле абага сиңип жок болуп кетет. Ошондой эле аттын башындагы жүгөндүн бир бөлүгу каякта экени белгисиз.

Башка сүрөттө аттын оң жагында турган адамдын колуна көңүл бурсак. Анын манжалары таңгаларлык узун жана бүдөмүк.

Жасалма интеллектин адамдардын мүчөлөрүн туура эмес тартышы көп учурайт жана бул айрым изилдөөлөрдүн жана дискуссиялардын, ошондой эле тамашалардын темасына айланган.

The Jasper Whisperer жасалма интеллектин иштеп чыккандардын бири medium’дагы блогдо адамдын мүчөлөрүн тартууда эмне үчүн ушуга окшош маселелер жараларын айтып берген. Буга бир нече факторлор таасир этет. Анын негизгиси – адамдын колу денесинин татаал бөлүгу болуп саналат, аны тартууда ал эмес сүрөтчүлөр көп кыйналышат.

Бул сүрөттөрдү жасалма интеллект жаратканына дагы бир далил катары Mervyn Chapman деген колдонуучу 8-апрелде Midjourney Official тобунда жарыялаган сүрөттөрдү келтирсек болот. Алп куштар, адамдан да чоң үй жаныбарлары, үлүл-адам – жасалма интеллект жараткан сүрөттөр. Алардын арасынан биз текшерген сүрөттөрдүн бирин көрсөк болот.

Тыянак: фотофейк. Алп жылкылардын сүрөттөрүн жасалма интеллектин жардамы менен жаратышкан жана алардан толтура каталарды тапса болот.