(Кыргыз) Фотофакт: Садыр Жапаров менен Аскар Акаевдин сүрөтүнүн таржымалы

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык тармактарда Садыр Жапаров менен Аскар Акаевдин бир нече жыл мурун чогуу түшкөн сүрөтү талкуу жаратты. Аскар Акаевдин кайтып келиши менен колдонуучулар “эски схеманын кайрадан иштегенин” жана мурдагы президент менен учурдагы өлкө башчысынын байланышын  айтып чыгышты. 

Factcheck.kg Акаев менен Жапаров качан жана кандай жагдайда бир болгонун аныктады. 

Сүрөт 2005-жылдын 3-мартында Москва шаарында тартылган. Садыр Жапаров ал кезде саясий карьерасын жаңыдан баштап, Жогорку Кеңеште депутат болгон жана Москвага парламенттик делегациянын мүчөсү катары барган.

Эске салсак, Садыр Жапаров октябрь окуяларынан кийин Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайтып келүүсү тууралуу үн каткан.  

Жыйынтык: сүрөт “жоогазын революциясынан” кийин бир аптадан соң, Жогорку Кеңештин делегациясынын катышуусунда Аскар Акаевдин президенттик ыйгарым укуктарынан баш тартуу процедурасы учурунда тартылган. Сүрөт Акаев менен Жапаровдун байланышын тастыктабайт.