(Кыргыз) Гуля Алмамбетова: таштанды сорттоочу заводун куруу иштери пандемиядан улам токтоду

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

1-апрелде Бишкек шаардык кеңешке аттанган партиялардын көз карандысыз дебаты болуп өттү.  Дебатта Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (КЭДП) жана “Реформа” беттешти.

КЭДП өкүлү Гуля Алмамбетова 22 миллион евролук долбоор соңуна жеткенин билдирди. Анын айтымында учурда пандемияга байланыштуу таштанды сортточу заводун куруу иштери токтоп турат. Ал ушул эле себпетен улам эстониялык эксперттер келе албай калганын кошумчалады.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрүп, таштанды полигонундагы сорттоочу заводго тиешелүү жабдууларды сатып алууга 2013-жылы Европа биримдиги жана Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан 11 миллион евро грант, 11 миллион евро насыя катары бөлүнгөнүн аныктады.

2017-жылдын 28-мартында мэрия жаңы таштанды полигонун долбоорлоо жана куруу боюнча келишим түзгөн. Келишим “Бишкек санитардык полигону” менен эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясынын ортосунда түзүлгөн эле. Анын шартына ылайык, эки жылдан соң, тагыраагы 2019-жылдын март айында жаңы полигон менен таштанды сорттоочу завод ишке кириши керек эле. Бирок анын ордуна текшерүүлөр жүргузүлүп, Бишкек шаардык прокуратура 2019-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304 (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306 (Келишим түзүү, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу) беренелери боюнча иш козгогон

Бишкек мэриясынын, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жана “Бишкек санитардык полигону” муниципалдык ишканасынынын кызматкерлери келишимди бузуп, долбоорду үзгүлтүккө учуратуу коркунучуна алып келген.

Ал эми 2019-жылдын май айында гана, каражат алгандан кийин 6 жыл өткөн соң, жаңы санитардык полигон куруу иштеринин активдүү фазасы башталган.

Ал ортодо насыяны өз учурунда иштетпеген үчүн калаа жетекчилигине дээрлик 170 миң евро айып пул салынган (2015-жылдан тарта ай сайын 4 миң евро).

Жыйынтык: жалган