(Кыргыз) Жакшы пропагандычылар, бот-фермалар жана троллдор фабрикалары: “Чекит.Медианын” идиктөөсүнө байланыштуу ЖМКлардагы дискуссия

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

Өткөн жумада өлкөнүн башкы телеканалында мамлекеттин эсебинен фейктер менен троллдордун фабрикасы иштеп жаткандыгы тууралуу “Чекит.Медиа” редакциясынын иликтөөсү жарыяланды. Бул иликтөөгө УТРК тараптан реакция заматта болду. Мамлекеттик каналдын журналисттери “Чекит.Медианы” жала жабууда, каралоодо жана көз жазгырууда айыпташты. Аны менен бирге “Вечерний Бишкек” басылмасы “Саясатчылар келет, кетет, ал эми журналисттер калат” деген аталыштагы “Чекит.Медиага” насаатын жарыялады.

“Чекит.медиа” редакциясы 2020-жылы “Кыргызстандагы Интерньюс” сунуштаган кызыктуу “МедиаБлокПост” долбоорунун негизинде көз карандысыз ЖМКлардын журналисттеринен түзүлгөн. Учурда долбоор дезмаалымат жана мисмаалымат менен күрөшүп келген, журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөн, кутум мифтерин жокко чыгарган жана ар түрдүү көз жазгыруулардын бетин ачкан жети редакциянын башын бириктирет.

Белгилей кетүүчү жагдай, “Вечерний Бишкектин” журналисти иликтөөнүн өзү тууралуу насаатынын башында болгону бир нече сап жазган, анда да жалпы сөздөрдү гана айтып, дароо окурманда иликтөө тууралуу терс маанайды жаратууга аракет кылган. Материал пропагандачыл басылмаларга мүнөздүү штамптан – батышчылдыкта күнөөлөөдөн башталат. Болгондо да “ачыктан-ачык” деген сөздү колдонот: “ачыктан-ачык батышчыл маалымат каражаттарынан кесиптештерибиз коомчулукка ачык маалыматтан сенсация жасагысы келишкен жана ал арекеттери өтө эле примитивдүү болуп чыкты”.

Экинчи абзацта автор иликтөөдөн четтеп, мамлекеттик пропаганда тууралуу сөз кыла баштайт да, “Чекит.Медианын” журналисттери саясатты жүргүзүүнүн ыкмаларын жакшы билбей турганыдыгын айткысы келет. Автор “мамлекеттик пропаганда дайыма болуп келген жана акылдуу мамлекеттик лидерлер ага дайыма чоң көңүл буруп турган, а демек ага эч качан каражаттарды аяган эмес” деп ачык айтат. Журналисттер болсо ал боюнча иликтөө жасагысы келген.

Андан ары автор акыл-эстүү (!) адамдардын атынан: “Эмне үчүн УТРКнын пиар-бөлүмүнүн кызматкерлерине коомдук тармактарда мамлекеттик ийгиликтер тууралуу маалыматтар менен бөлүшкөнгө болбойт” деп суроо узатат. Бирок иликтөөдө УТРКнын пиар-бөлүмүнө пропаганда менен шугулданганга жана мамлекеттик ийгиликтер тууралуу маалыматтар менен бөлүшкөнгө болбойт деп айтылган эмес.

Эмки эле сүйлөмдө иликтөөнүн маңызы толугу менен бурмаланып, окурмандарды чаташтырат: “Эгер бул бөлүмдүн кызматкерлери жашырынып, ким экендерин билдирбей маалыматтар менен жашыруун бөлүшсө, анда башка кеп, бирок алар ишмердүүлүгүн расмий түрдө ачык жүргүзүшүүдө. Ал эмес президент менен жолугушканда ачык эле сүрөткө түшүшкөн”.

Түшүндүрө кетсек, “Чекит.Медианын” журналисттери иликтөөсүндө так ошону – телеканал кызматкерлеринин аккаунтарынан расмий жарыялангандан сырткары ушул эле посттор ошол эле кезде коомдук тармактардагы ар түрдүү топтордо фейк аккаунттардын атынан таркатылып жатканын көрсөткүсү келишкен. А бул фейк-фермага мүнөздүү көрүнүш болуп саналат.

Эгерде пиар адистердин дарегине коомдук тармактарда мамлекеттик жетишкендиктер тууралуу маалыматтар менен бөлүшкөндүгү үчүн сын айтылган болсо, анда бул нааразычылык туура болмок. Бирок УТРК мамлекеттик жетишкендиктер тууралуу пайдалуу маалыматтарды тараткандын ордуна элге объективдүү маалыматты жеткиргиси келгендерди жаман көрсөтүп, каралоо үчүн бир бөлүмдү колдонуп жаткандыгы үчүн сынга алынган.

Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы кызматкери да айтып жатат. Реформа жасоо менен элдин муктаждыгын угуп, дискуссия уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү үчүн ар түрдүү рангдагы аткаминерлерди коомдук тармактарга чыгаргандын ордуна президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмү оппоненттер менен троллдор фабрикасы жана фейк-фермалар аркылуу мамиле курууну туура көрүүдө.

Азыркы кезде пиар социалдык маркетинг сыяктуу эле – тез өнүгүп жаткан илим болуп саналат. Бул илимге үйрөнүү керек, тажрыйба топтоо зарыл. А биздечи? Заманбап пиар-технологияларды, аспаптарды ачык колдонуп иштегендин ордуна УТРКнын кызматкерлери ыңгайлуу жана көнүп калган эски адатына салып, фейктерди жана троллдорду колдонуп, окурмандардын пикирлери менен көз жазгырып, ярлыктарды тагып, оппоненттерди душман кылып көрсөтүп, дезмаалыматтарды таркатып иштеп жатышат. 

Мамлекеттик пропагандага, анын зарылдыгына жана ансыз болбой тургандыгына басым кылып жатып автор иликтөө көтөргөн маселе – мамлекеттик пропаганда керекпи же жокпу деген маселе эмес, чоң суммаагы бюджеттик каражаттар жумшалган УТРКда иштеген кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугу кандай деген маселе экенин айткан эмес. Болгондо да, бул маселени биринчилерден болуп Садыр Жапаров өзү көтөргөн. Ал УТРКга салыштырмалуу он эсе аз адам иштеген, бирок андан кем калбаган, популярдуулугу өсүп жаткан жеке телеканалдарды мисал келтирген.

Мына ушул “жакшы өткөрүлгөн массалык мамлекеттик пропаганда” үчүн автор коомдук тармактардагы мампиардын уюштуруучуларына жакшы баа берүүгө чакырат.

Андан ары автордун кезектеги көз жазгыруусуна күбө болобуз: “Ошол эле социалдык тармактардын аркасы менен өзгөчө аймактардагы эл аскердик же медициналык жабдууларды алуу, же тигил же бул маселенин чечилиши сыяктуу өлкөнүн жетишкендиктерин өз убагында жана кеңири биле башташты”, – дейт.

Чынында, эч нерсе каршы айта албайсың. Бир гана нерсени эске албаган. УТРКнын пиар-бөлүмү коомдук тармактарда иш алып барганы үчүн эмес, жалпысынан коомдук тармактар бар болгону үчүн Кыргызстандын жарандары жаңылыктар менен, анын ичинде көз карандысыз ЖМКлардын жаңылыктары менен таанышканга мүмкүнчүлүк алышты. Эгер жазылгандардын саны боюнча салыштыруу жүргүзө турган болсок, башкы мамлекеттик телеканал миңдеген кызматкерлери менен популярдуу көз карандысыз ЖМКлардан жана блогерлерден артта калат, ал эми кээ бир көрсөткүчтөр боюна кыйла артта. А демек жаңылыктардын коомдук тармактарда таркатылышынын натыйжалуулугу боюнча аны ошол эле “Азаттык” менен эч салыштыруу мүмкүн эмес. Анда эмнеси үчүн аларга ыраазычылык билдиришибиз керек?

“Вечерний Бишкектеги” материал ушуга окшош материалдар сыяктуу классикалык түрдө жыйынтыкталат – каржылоонун булагы дагы бир жолу эскертилет: “Checkit Media бардыгын жакшы түшүнөт, ошондуктан алар Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келсе да АКШнын акчасынан баш тартышпайт…”.

Батыштын каржылоосу – жаман, ал Кыргызстандын кызыкчылыктарына коркунуч жаратат деген пикирди кайра таңулоо аракети. Эмнегедир кайра эле, гранттарды баарынан көп так ушул биздин мамлекет ала тургандыгы тууралуу бир да сөз айткан эмес. Саламаттык сактоого, билим берүүгө, айыл чарба тармагына, соода-сатыкты өстүрүүгө.

Ушуга окшош макалалар көндүм көрүнүш болуп калды. Алардын жасалышы бири биринен көп айырмаланбайт: батышчылдыкта айыптоолор, Батыш – бул коркунуч, ал аймакты көзөмөлгө алганга умтулат, улуттук кызыкчылыктарга коркунуч жаратат, кырдаалды туруксуздаштырып, стратегиялык өнөктөштөрдүн ортосуна чок салганга умтулат деген эскертүүлөр. Мындай макалаларда колдонулган ыкмалар да окшош: дезмаалымат жана “ярлыктарды тагуу” түрүндөгү көз жазгыруу, “терс образды” жаратуу, “кастык тилди” колдонуу.

Бул жерде жакында эле “Вечерний Бишкек” басылмасын өзүн да бир макаласы үчүн “Орусиянын республикадагы элчиси Николай Удовиченкого каршы маалыматтык согушту жарыялашты” деп американы жактаган ЖМКлардын катарына кошуп койгондорун эскерте кеткибиз келет. Ал эмес “Вечерний Бишкек” АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча фондусу (USAID) аркылуу АКШнын элчилиги менен тыгыз байланышта, “демократиялык баалуулуктарды жылдыргандыгы үчүн” эки жолу америкалыктардын сыйлыгына татыганын” да эскерте кетишкен. Ушуга жараша тийиштүү жыйынтык да чыгарылат: “макаланы жазганга ким буйрутма бергенинде шек жок”.

Мындай айыптоонун суу кечпей тургандыгы айтпаса да түшүнүктүү, ал күлкүнү гана келтирет. Бирок биз “Вечерний Бишкек” басылмасынын журналисттеринин көңүлүн башка бир жагдайга бурдургубуз келет – “Слово Востока” Telegram-каналынын авторлору басылманы “АКШнын элчилиги менен тыгыз байланышта” деп айыптап жатып, ЖМК өзү батышчыл деп ата-мекендик медиалар менен бейөкмөт уюмдарды каралоодо колдонгон ыкмаларды эле колдонушкан.

Ал эми “саясатчылар келет, кетет” деген макаланын аталышына кайрылсак… Бул баарыбызга белгилүү. Ушул сыяктуу эле, бийлик алмашканда кыска убакытытын ичинде ага ыңгайлаша калган журналисттерибиз да баарыбызга белгилүү. Жана негедир алар көп учурда көз карандысыз редакциялардын журналисттери эмес болуп чыгат.