(Кыргыз) Май айында астероид Жер планетасы менен кагылышабы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Көлөмү Египет пирамидасындай болгон астероид Жерге түшүшү мүмкүн экенин NASAга шилтеме берүү менен айрым ЖМКлар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 2009 JF1 илимий белгисине ээ болгон асман телосунун узундугу 128 метрге жетет. Астероиддин бардык параметрлерин эске алуу менен анын кыйратуучу күчү тротил эквиваленти менен 230 килотоннага барабар. Белгилей кетсек, Хиросима атомдук бомбасынын кыйратуучу күчү 15 килотонна болгон.

Factcheck.kg астероид тууралуу маалыматты текшерип көрдү. 

NASAнын маалыматына ылайык, аталган метеорит 2009-жылы изилденген. Окумуштуулар JF1 астероидинин диаметри 10 метр түзөрүн белгилеген.

Окумуштуулар быйыл 6-майда астероид Жер менен кагылышы мүмкүн экенин айтышат, бирок Жер менен кагылышуу ыктымалдыгы өтө аз – болгону 0,0000074%. Роскосмостун айтымында “жолугушуу” 6-майда эмес, 15-майда күтүлөт. Бирок, алардын арасы дээрлик 23 млн км болот.

“Бул аралыктан 2009 JF1 26 метрден ашпайт жана эң чоң жер үстүндөгү телескоптор менен гана көрүнөт. Ошол эле учурда объект потенциалдуу кооптуулугун жоготпойт, бирок бул коркунучтун деңгээли 1: 1 700 000ден ашпайт”, – деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтык: жалган. ЖМКлар шилтеме кылган NASAнын сайтында адамзатка болгон коркунуч тууралуу эч нерсе айтылбайт жана кагылышуу ыктымалдыгы өтө аз экени белгиленет.