(Кыргыз) Жасалма интеллект кыргызча. КРде ЖИ кандай өнүгүп жатат

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Жасалма интеллект (ЖИ) дүйнө жүзүндө эң тез өнүгүп жаткан прогрессивдүү технологиялык тармак болуп эсептелет. Мисалы, Дубайда ЖИ кылмыштуулуктун болушун болжолдойт, АКШнын айрым штаттарында тергөөдөгү адамдын баш коргоо чарасын аныктоо үчүн соттук системада колдонулат, Францияда ЖИ катталбаган бассейндерди аныктаганга жардам берет (бассейни бар үйлөрдөн көбүрөөк салык алынат – ред. түш.).

Factcheck.kg редакциясы ЖИ Кыргызстанда кандай өнүгүп жатканын билгиси келди.

Жасалма интеллекттин түрлөрү

Алгач жасалма интеллект деген эмне экенин аныктап алалы. ЖИ – бул адам акылынын күчү жеткен маселелерди чече алган система же машине, ал алган маалыматтардын негизинде үйрөнө алат.

Жасалма интеллект боюнча эки концепция бар – “алсыз” (Narrow AI) жана “күчтүү” (AGI). Биз кадыресе жашообузда негизинен кууш, же “алсыз” деген аталыштагы жасалма интеллектини кезиктиребиз. Ал учурдагы кууш багыттагы маселелерди чече алат.

Мисалы, чоң көлөмдөгү маалыматтарды иштетип, алардан мыйзамченемдик көрүнүштөрдү аныктап, божомолдорду кылып пайдалуу маалыматты алып чыгууда. Буга чат боттор, үн жардамчы, коомдук тармактардагы жаңылыктардын лентасы, адамсыз жүрө алган транспорттук каражаттар, адамдын жүзүн таануу, интернетте издөө, коомдук тармактагы жарнамалар, романтикалык өнөктөштөрдү издөө кирет.

“Күчтүү” ЖИ (AGI) – бул адамдын акылына окшош келген жасалма интеллекттин түрү. Учурда ал теориялык концепция түрүндө гана бар.

Кыргызстанда ЖИ каякта, кантип колдонулууда?

Кыргызстанда жасалма интеллект колдонулган мисалдар анчалык деле көп эмес. Бирок жылдан жылга күнүмдүк жашоону жеңилдете турган көп жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болууда.

2020-жылы КР Улуттук банкы банктарга жасалма интеллектти, машиналык үйрөнүүнү жана башка божомол алгоритмдерди биометрикалык маалыматтарды иштетүүдө колдонуп физикалык тараптардын алыстан өздүгүн тастыктоосуна уруксат берди. Бир жылдан кийин мындай мүмкүнчүлүк ишкерлерде да пайда болду.

Ушул эле жылы Бишкекте борбор калаанын көчөлөрүндө адам жүздөрүн таануу системасы ишке киргизилген (адам жүзүн таануу – бул адамдын адам жүзүн таануу жөндөмүн туураган жасалма интеллекттин түрү, – ред. түш.).

Маалыматтар базасына издөөдөгү адамдын жүзү киргизилип, камералар ага окшош адамды издей башташат. Ал табыла турган болсо, бул маалымат укук коргоо органдарынын кызматкерлерине дароо жиберилип, издөөдөгү адамды кармоо аракеттери жүргүзүлөт.

2020-жылы жасалма интеллект шайлоо учурунда колдонулган болчу. “Мекеним Кыргызстан” партиясы күнүнө 150 жалган профилдерди түзгөн санариптик ботоферманы колдонгон. Боттор өз алдынча пикирлерди жазышчу, бир суткадан кийин жалган аккаунттар жабылып турган, бирок жазылган бардык пикирлер сакталып калат эле.

2021-жылы “Кумтор голд компани” ЖАК айдоочулардын чарчоосун аныктоо боюнча көзөмөл системасын киргизген. Атайын камера адамдын жүзүндөгү көп параметрлерге: көз карашынын багытына, ирмегенине, эстегенине байкоо жүргүзүп турган. Эгер адамдын чарчаганы, жолдон алаксыганы байкалса айдоочуга атайын сигнал берилет. Андан сырткары бул маалыматтар диспетчерге келип түшөт. Кийин бул маалыматтардын бардыгы топ-топторго бөлүштүрүлүп, талданып, кийинки иш графикти түзүүдө колдонулат.

Кыргызстанда жасалгандар

SEMANTIR командасы 2021-жылы берилген параметрлердин негизинде маркетинг тексттерин жана иш каттарын түзө алган технологияны иштеп чыккан.

Жасалма интеллекттин жардамы менен берилген теманын жана параметрлердин негизинде иш каттары, продуктылардын сүрөттөлүшү жана коомдук тармактар үчүн тексттерди түзсө болот эле. Текстти түзүүдө максаттуу аудитория, окуялар, майрамдар, ал эмес сатууга байланыштуу промоушндар да эске алынат. Жыйынтыктаганда, жасалма интеллект бизнести канааттандырган кызыктуу жана сатуучу тексттерди түзөт.

Instagram үчүн текстти түзүү керек болгондо коодонуучуга керектүү категорияны, максаттуу аудиторияны белгилеп, белги сөздөрдөн турган бир сапты жазуу жетиштүү болот. Ошондой эле продукт компаниянын үнүн (voice of brand) эске алып, кийинки посттордо аны колдонгонго үйрөнөт.

2023-жылы кыргыз тилиндеги маалыматты иштете алган жасалма интеллектин концепциясы пайда болмокчу.

Кыргызстандын 2021-2023-жылдарга орто мөөнөттүү социалдык-экономикалык прогнозуна ылайык, жогорку технологиялык чөйрөлөр өнүгүүнүн негизги багыттары болууга тийиш, алар биринчи кезекте маалыматтык технологияларга жана жасалма интеллектке, нано- жана биоинженердик технологияларга, санариптик трансформацияга негизделиши керек.