(Кыргыз) Италия мафиясы муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратканы чын

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

11-апрелде кыргызстандык Facebook колдонуучулар арасында Италиядагы жергиликтүү мафия муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк тараткандыгы тууралуу маалымат тарады. Маалымат булагы катары press.lv сайты көрсөтүлгөн.

 

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

Макаланын аталышын издөө системасынан текшерсек, орус тилдүү көптөгөн сайттар жарыялаган тиешелүү жаңылык пайда болот. Бирок алардын көбү көңүл ачуучу сайттарга шилтеме жасагандыктан, ишенимдүү булак болуп бере албайт.

Дагы бир көңүл бурчу нерсе, макалаларда “Европейская правда” The Guardian басылмалары айтылат.

The Guardian сайтынан тиешелүү материалды табабыз. Ал 2020-жылдын 10-апрелинде «Mafia distributes food to Italy’s struggling residents» деген аталышта жарык көргөн. .

Макалада италиялык мафиянын өкүлдөрү муктаж үй-бүлөлөргө ун, макарон жана сүт сыяктуу эң керектүү азык-түлүктөрдү тараткандыгы тууралуу айтылган.

«Акыркы убакта атактуу мафия өкүлдөрү коронавирустун кесепетинен жабыр тарткан Кампания, Калабрия, Сицилия жана Апулия сыяктуу  түштүктөгү жакыр региондорго эң керектүү азык-түлүктөрдү таратканы тууралуу тасмалар пайда болду. Себеби өлкөдө нааразычылык күчөдү», – деп билдирет басылма.

Ошол эле макалада Коза Ностра боссунун иниси Giuseppe Cusimano Палермодо эң жакыр болгон Дзен районундагы муктаждарга азык-түлүк таратты деп жазылган. Бул иш-чара жакыр үй-бүлөлөрдүн арасында мафиянын беделин көтөрүү максатында жасалат деп айтылат. Автор 8-апрелде жарык көргөн la Repubblica макаласына шилтеме берген.

Макала жарык көргөн соң,  анын негизги каарманы өзүнүн Facebook баракчасына макала автору журналист Di Salvo Palazzoloго карата коркутууларды жазганын басылма кабаралаган.

«Эл-журт, биз мафиози болгондуктан мамлекет биздин кайрымдуулук кылуубузга  каршы, булар ушундай таризде макала жазып атышат. Мындан кийин мен эч нерсе бербейм», – деп билдирген Джузеппе Кузимано өзүнүн Facebook баракчасында.

Жыйынтык: чындык. Мафия өз беделин көтөрүү максатында жакыр үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратканын жашырган эмес.