(Кыргыз) Кантип Жаратылыш ресурстар министрлиги Бишкектин абасын «жакшыртып» койду — видеочек

2024-жылдын декабрынын соңунда Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкектин абасынын тазалыгы жыл сайын жакшырууда деп билдирген. Буг далил катары 13-январда дрондон тартылган видеону жарыялаган, анда Бишкектин үстүндө ыш жок экени көрсөтүлгөн. Жаратылыш ресурстары министрлиги видео 10:00дө Бөкөнбаев менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде тартылганын билдирген.
Factcheck.kg сайтынын редакциясы видеого канчалык ишенсе болорун аныктады.
Жаратылыш ресурстар министрлигинин билдирүүсү эмнеси менен шек жаратат?
Жаратылыш ресурстар министрлигинин билдирүүсү биринчи кезекте борбордо орнотулган сертификатталган аба сенсорлорунан шек жаратат.
2025-жылдын 13-январында «АКИpress» маалымат агенттиги IQAir кызматына шилтеме кылып саат 11:00дө Бишкек шаарындагы абанын сапаты 205 AQI экенин билдирген.
Бул абанын сапатынын индекси “ден соолукка абдан зыяндуу” деп эсептелет.
Абасы эң кир болгон Бишкектин 3 жерине төмөнкүлөр кирет:
- Бишкек Эл аралык мектеби, Бронников көч. – 201 AQI
- Орто-Сай айылы, Карбоз уулу Келдибек көч. – 162 AQI
- Карагач багы – 161 AQI
Ошол эле күнү кечинде 24.kg агенттиги саат 18:00гө карата абанын булгануу индекси 179 AQI экенин билдирген. Шаардын статусу “ден соолукка зыян” деп белгиленген.
Жаратылыш ресурстар министрлигинин абанын тазалыгын далилдөөгө болгон мамилеси да суроолорду жаратты. Жарыяланган видеонун узундугу болгону 37 секундду түзөт. Мындай кыска видеонун негизинде ал эмес толук бир күндөгү Бишкектин абасынын сапаты боюнча жыйынтык чыгаруу мүмкүн эмес. Объективдүү баа бериш үчүн айлана-чөйрөнү коргоо уюмдары жүргүзгөндөй үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү зарыл.
Бишкектин үстүндө түтүн турганы бир күн мурун, 12-январда тартылган видеодо көрүнүп турат:
14-январда «АКИpress» маалымат агенттиги борбор калаанын түштүк тарабында дрондон тартылган “Бишкек кантип түтүнгө чөмүлүүдө” деген аталыштагы эки мүнөттүк видеону жарыялаган. Видео жакшы сапатта жана шаар, өзгөчө анын борбор бөлүгү толугу менен түтүнгө чөмүлүп турганын көрсөтүп турат:
Ошол эле Жаратылыш ресурстары министрлигинин видеосу жарыяланган күндөрдө эле Facebook социалдык тармагында кантип бир нече саат аралыгында түтүн борбор калааны каптап баратканын көрсөткөн видео пайда болду:
Видеомонтажбы?
Белгилей кетсек, Жаратылыш ресурстар министрлиги тарткан видеонун сапаты өтө төмөн болгондуктан, Invid кызматы санарип фильтрлердин колдонулганын жана түс палитрасы өзгөртүлгөнүн аныктаган. Скриншоттордо өзгөртүлгөн жерлер жашыл түс менен белгиленген:
Эскерте кетсек, Invid платформасы журналист-фактчекерлер үчүн атайын иштелип чыккан жана интернетте жарыяланган материалдарды: тексттерди, сүрөттөрдү жана видеолорду текшергенге жардам берет.
Абаны көзөмөлдөө үчүн онлайн камералар
Январдын аягында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Боз-Бөлтөк тоосуна жана «Совмин» турак жай комплексине абанын абалын көзөмөлдөө үчүн онлайн камераларды орноткон.
Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, каалаган адам реалдуу убакыт режиминде абаданын булганышына байкоо жүргүзө алат.
Камералардан алынган видеолор мониторинг, илимий изилдөөлөр үчүн жана эскирген видеоматериалдар менен манипуляциялоонун алдын алуу үчүн колдонулат деп күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, камералар борбор калааны түтүн каптап жатканын дароо көрсөтүшкөн:

Бишкектин үстүндөгү түтүн
Бишкекти жыл бою түтүн каптап, бул шаар тургундарынын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө. Жайында аба ысыганда ал көтөрүлүп, анча билинбесе, кышында муздак аба массалар түшүп, түтүн көзгө көрүнүп жакшы байкалып калат. Дал ушул мезгилде борбор калаабыз абасы кир шаарлардын дүйнөлүк рейтингинде алдыңкы орундарга чыга келет.
2024-жылдын октябрынын башында Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл кышта Бишкектин түтүнгө чулганышы кайталанбайт деп ишендирген. Анын айтымында, абаны булгаган негизги булактарды жок кылууга мүмкүн болду, б.а коомдук мончолорду жана дизелдик автобустарды.
Мындан тышкары, Бишкек Жылуулук электр борборун капиталдык оңдоого бюджеттен акча бөлүнгөн. Ал жерде абанын булганышын азайтуу үчүн жаңы фильтрлер орнотулмакчы.
Ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевдин айтымында, түтүн менен күрөшүү үчүн 50 миллион доллар насыя жана 10-20 миллион доллар грант берүү боюнча келишим ратификацияланган. Бирок 15-январдагы парламент жыйынында Токтошев бул аракеттердин жыйынтыгы болбогонуна нааразылыгын билдирген.
«Биз түтүн менен күрөшүү үчүн 50 миллион доллар насыя жана 10-20 миллион доллар грант берүү боюнча келишимди ратификацияладык, бирок эч кандай өзгөрүү жок. Балдардын оорулары, өпкө оорулары, онкология көбүрөөк катталып жатат. Адегенде бул маселени чечүү керек, анткени ден соолук болбосо башка эч нерсенин кереги жок», – деди депутат.
Түтүн адамдын организми үчүн канчалык коркунучтуу?
Ышталган аба дем алуу органдарынын ооруларын, бронхитти, астманы жана пневмонияны пайда кылышы мүмкүндүгү менен коркунучтуу. Түтүн көздүн, мурундун жана кекиртектин былжыр челинин сезгенүүсүн, иммунитеттин төмөндөшүнө алып келет. Жүрөк-кан тамыр оорулары да түтүндүн кесепетинен болушу мүмкүн. Ал энтигүүгө, дем алуунун кысталышына, уйкунун бузулушуна, баш ооруларга жана жөтөлгө алып келиши мүмкүн.
ЮНИСЕФтин изилдөөлөрүнө ылайык, 2021-2022-жылдары эле түтүн Бишкекте 112 адамдын өмүрүн алып кеткен жана майыптыкты эске алуу менен 3568 өмүр жылы кыскарган. Ал ошондой эле экономикалык жактан терс таасирин тийгизет – 2021-2022-жылдары 2 миллиард сомду түзгөн жоготууларга алып келген.
Тыянак: чындыкка жатпайт. Сертификатталган сенсорлордон алынган маалыматтар боюнча ошол күндөгү абанын сапаты “ден соолукка зыяндуу” жана “өтө зыяндуу” деп бааланган.
Жаратылыш ресурстар министрлиги жарыялаган видеонун узундугу болгону 37 секундду түзгөн. Мындай кыска видеого таянып, ошол күнкү Бишкектеги абанын сапаты тууралуу толук жыйынтык чыгаруу мүмкүн эмес. Объективдүү баа берүү үчүн күн сайын мониторинг жүргүзүү зарыл.
Мындан тышкары, жарыяланган видео ушунчалык начар сапатта болгондуктан, InVid видео талдоо кызматы видео монтаждалган деген тыянак чыгарган.