(Кыргыз) Орусия орус тилин Кыргызстанда кантип коргоп жатат?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Кыргызстанда орус тили расмий тил болуп эсептелет. Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн арасында орус тилинин кеңири колдонулушу боюнча экинчи орунда турат, биринчи орунда Беларусь. Бирок кыргыз аткаминерлеринин кыргыз тилин колдонууну кеңейтүү керектиги тууралуу билдирүүлөрү Орусия тараптан эскертүүлөр менен коштолуп келет.

Factcheck.kg редакциясы Орусия орус тилин Кыргызстанда кантип коргоп жатканын аныктады.

Райондордун аталыштарын өзгөртүүгө болбойт

Парламенттин спикери Нурланбек Шакиев 25-ноябрда өткөн Элдик Курултайда Кыргызстандагы калктуу конуштардын башка тилдердеги аталыштарын өзгөртүүнү сунуштаган.

Анын айтымында, мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатына жеткен эмес.

“Бизде азыркыга чейин айрым айрым конуштардын аталыштары башка тилдеги аталыштар. Бишкектин төрт районунун [Свердлов, Биринчи май, Ленин, Октябрь ред. түш.] аталышын тез арада өзгөртүү керек”, – деген Нурланбек Шакиев.

Ошол эле күнү Орусиянын Мамдумасы бул сунушка реакция кылган. Мамдуманын Эл аралык иштер боюнча комитетинин жетекчисинин орун басары Светлана Журова мындай пикирин билдирген:

“Бул жөндөн жөн болбой эле. Бул жыйынтыгында орус тилин сүрүп чыгарыш үчүн жасалган алгачкы кичинекей кадам”, – деген Журова интервью учурунда.

Ошондой эле ал эмки баскычта Кыргызстанда мектептерге киришерин жана бул Грузиядагыдай, жаштар орус тилинде дээрлик такыр сүйлөбөй калышкандай абалга алып келерин кошумчалады. Украинада да бардыгы ушундан башталган деп эскертти.

Депутаттын божомолунда, бул тууралуу кабар Владимир Путинге жеткенде ал “кесиптеши, Кыргызстандын президентине бир аз эскертүү берип коет”.

Бир нече жолу эскертүү

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров 17-июлда “Кыргыз Республикасынын мамлекетти тил жөнүндө” Конституциялык мыйзамына кол койгон. Мыйзамга ылайык, кыргыз тили мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын, менчиктин бардык формаларындагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иш алып баруусунда колдонулушу керек.

Бул менчик формасына карабастан бардык телерадио компанияларга да тиешелүү, алар өз берүүлөрүнүн 60%нан кем эмесин мамлекеттик тилде алып барышы керек болот.

Мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, депутаттар, Улуттук банкынын кызматчылары, аскерлер, соттор, прокурорлор, адвокаттар, нотариустар, бардык менчик формаларындагы окуу жайларынын кызматкерлери жана медициналык кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү. Мыйзамдын талаптары билим берүү мекемелерине жана/же илимий мекемелерге чакырылган жана илимий, педагогикалык, илимий-педагогикалык кызматкерлерге же чет тил окутуучулары катары убактылуу негизде иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга колдонулбайт.

Бир нече күн өткөндөн кийин Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусия Кыргызстанды мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды кабыл алуу демократияга туура келбей тургандыгын эскерткенин билдирди.

“Бул идея пайда болгондо эле биз кыргызстандык досторубузду бул демократияга туура кеслбестигин эскерткенбиз. Мен бардык мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин билүүсүн милдеттендирүү тууралуу айтып жатам. Мамлекеттик кызматкерлердин катарына мугалимдер жана мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринин врачтары кирип калган. Биз ишибизди уланта бермекчибиз. Бир нече жолу эскерттик, бирок башка жолду тандап алышты. Бирок да Кыргызстандын Конституциясында орус тили улуттук баарлашуунун тили бойдон калган”, – деген министр.

Лавровдун сөзүнөн кийин мамлекет башчы Садыр Жапаров мыйзам өз тилибизди да толук өздөштүрөлү деген максатта кабыл алынганын билдирди. Ал жаңы мыйзам мугалимдерге жана врачтарга иштебей тургандыгын, алардан кыргыз тилин билүү талап кылынбастыгын белгиледи.

Орусияда чет тил сөздөрүн колдонууга тыюу салуу

Ошол эле кезде Путин 2023-жылы февралда чет тилдерден кирген сөздөрдүн колдонулушун жөнгө салууну максат кылган мыйзамга кол койгон.

“Орус тилин колдонууда <…> орус тилинде аналогдору жок болгон жана алардын тизмеси стандарттык сөздүктөрдө камтылган чет тилдик сөздөрдү кошпогондо, азыркы орус адабий тилинин нормаларына туура келбеген чет тил сөздөрдү жана сөз айкаштарын (анын ичинде уятсыз сөздөрдү) колдонууга жол берилбейт”, – деп айтылат документте.

Орусия 2019-жылдан 2025-жылга чейин орус тилин өркүндөтүүгө бюджеттен 7.4 млрд рубль караштырган. 2015–2020-жылдардагы ушундай эле программага эки эсе аз каражат – 3.7 млрд рубль жумшалган болчу.

“Русский язык” программасы бир нече жолу ишке ашырылган. Анын негизги максаттарынын бири – орус тилдүү мектептердин жана мугалимдердин санын көбөйтүү, ошондой эле китептер менен камсыз кылуу, орус маданиятын жайылтуучу окуу жайларын, конференцияларды өткөрүү аркылуу башка өлкөлөрдө орус тилин жайылтуу.

Бирок программанын авторлору “антиорусиялык маанайдын жана кастык аракеттердын күчөшүнө” байланыштуу геосаясий тобокелдиктен программада караштырылган максаттарга жетүү татаал экенин белгилешкен.

Тыянак: чынында эле Кыргызстандын кыргыз тилин кеңири колдонуусун күчөтүү аракеттери Орусия тараптан эскертүүлөргө алып келүүдө.