(Кыргыз) Украинанын радио станцияларына болгон кибер кол салуу: пропагандачылар президент Зеленский реанимацияда деген фейк таратышууда

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Белгисиз хакерлер Украинанын TAVR Media аттуу радио холдингинин (анын курамына “Байрактар” аттуу патриоттук радио дагы кирет) радио станция түйүндөрү жана серверлерине кибератака жасап өлкөнүн президенти Владимир Зеленскийдин ооруп оор абалда реанимацияга түшкөнү  тууралуу фейк маалыматты таратышкан.

Бул туурасында 21-июлда TAVR Media  радио холдингинин Facebook соцтүйүнүндөгү  расмий баракчасында билдиришти.

Украинадагы «БезБрехни» жана «Брехунець» (Ровно) долбоорлорунда иштеген кесиптештер бул маалыматты текшерип көрүштү:

Кибер кол салууга барган белгисиз адамдар радиодон «Владимир Зеленский реанимацияда оор абалда жатат. Украинанын президентинин милдетин убактылуу Жогорку Раданын төрагасы Руслан Стефанчук аткарууда» деген мазмундагы билдирүүнү жайылтышкан.

Бул текстти адам эмес, роботтун үнү окугандай элес калтырат. Мындай үндү, мисалы GoogleКотормочу кызматынын жардамы менен жасаса болот.

Зеленскийдин дарты тууралуу маалыматты ошол эле күнү TAVR Media радио холдингинен четке кагып бул проблеманын үстүнөн иштеп жатканын билдиришти.

«Белгилеп кетсек, Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин ооругандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда тийиштүү кызматтар бул проблеманы чечүү үстүнөн иштеп жатат», – дейт  TAVR Media.

Ошол эле күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский дагы видео-төгүндөө жарыялады. Видеодо ал журналисттерге тирүү экенин, ден-соолугу чың жана реанимацияда эмес иш кабинетинде отурганын көрсөттү.

Кийинчерээк кечки видео кайрылуусунда Украинанын президенти орусиялык пропагандачылар буга чейин жума сайын  Зеленский өлкөнүн сыртына чыгып кетти же өз милдетин аткарбай жатат деген фейк маалыматтарды таратып турганын белгиледи.

«Мына кайрадан ушундай примитивдүү фейк маалыматтарды чыгарып жатышат. Кыязы, баскынчылардын калп снаряддары дагы түгөнүп баратат окшойт – эч кандай жаңы нерселерди ойлоп таба албай калышты», – дейт өз сөзүндө Владимир Зеленский.

TAVR Media — Украинанын эң ири радио холдингдеринин бири. Компания учурда 9 радио станцияга ээлик кылат. Алар: «Хит FM», «Мелодия FM», «Radio Relax», «Наше радио», «Classic Radio», «Radio Jazz», «Радио Рокс», «KISS FM», «Радио Байрактар» жана  «М1» менен «М2» телеканалдары.  РФнын Украинанын аймагына толук масштабда басып кирүүсүнө чейин холдингдин курамында «Украинанын орус радиосу» дагы бар эле.

Белгилей кетсек,  TAVR Media радио холдинги соцтүйүндөрдөгү баракчаларында дайыма согушта Украинанын жеңиши үчүн иштеп жатканын жана Украинанын армиясын колдоорун эскертип келет.  Холдинг согуш башталгандан тартып  «Байрактар радиосунун» украиналык Жеңиш радио станциясын түзүүнү колдогон. Демек, ошон үчүн кибератакага туш болушу ыктымал. Бул инцидент “кайсы жактан” демилгеленип жатканы айтпаса да түшүнүктүү.

Украинада орусиялык пропаганданы трансляциялоо боюнча кибер кол салуулардын бул жалгыз учуру эмес.  Мисалы, бир нече күн мурда Ровно аттуу украиналык шаарда орусиялык баскынчылар акча алмаштыруучу жайдын электрондук тактасында валюта курстарынын ордуна «Бир гана рубль менен эсептешет, ZOV иштегиле, балдар» («Расчет только в рублях, ZOV работайте, ребята») аттуу жазууну трансляциялаган.  Украинанын президенти Владимир Зеленский тууралуу алгачкы масштабдуу фальсификациялар 2022-жылдын 3-мартында пайда боло баштаган. Анда орусиялык пропаганда Зеленскийдин аскерлерге жана жарандарына куралдарын таштап каршылыкты токтотууга чакырган жасалма кайрылууларын, тактап айтканда дипфейктерди тараткан болчу.

Материал «БезБрехни» жана «Брехунець» (Ровно) долбоорлорунун адистери тарабынан даярдалды.  Автор. Светлана Кирилова