(Кыргыз) Кытай вакцинасы коронавирустан коргой албайбы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

21-мартта Facebook социалдык тармагында Пакистан премьер-министри Имран Хан кытайлык Sinopharm вакцинасын алган соң, коронавируска кабылганы тууралуу маалымат пайда болду. Автор кыргызстандыктарды сак болууга чакырган. 

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрүүнү чечти. 

Пакистан премьер-министри Имран Хан Sinopharm вакцинасын алганы жана илдетке кабылганы чын. Бул тууралуу 20-мартта премьер-министрдин Улуттук саламаттыкты сактоо боюнча жардамчысы Файсал Султан Twitter баракчасында жазып чыккан. Ал премьердин COVID-19га тест тапшырган соң, изоляцияга кеткенин белгилеген. 

 

Пакистандын Саламаттык сактоо министрлиги вакцина алган соң, вируска карата иммунитеттин пайда болуусуна бир нече жума талап кылынарын айтып, элди вакцина алууга үндөгөн.

Премьер-министр Имран Хан илдетке чалдыккан учурда эмдөөнү толук ала элек эле, ал эки күн мурда бир гана дозаны алганга жетишкен. Бул аралыкта кандай гана вакцина болбосун, натыйжа бере албайт. Ал эми антитела 2-доза алган күндөн баштап, 2-3 жумадан соң иштелип чыгат“.

 

Учурда Пакистанда COVID-19га каршы бир гана Sinopharm вакцинасы жеткиликтүү. 

Эске салсак, 2021-жылдын 19-мартында Кыргызстанга China Biotekchnology Co LTD компаниясынан 150 миң доза Sinopfarm вакцинасы акысыз келди. Бул вакцина менен Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Өзбекстан өлкөлөрү эмделүүдө. 

Эмдөө эки этапта, 25-28 күн аралыкта өтөт. 

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги эмдөөнүн алгачкы этабын 29-мартта баштоону пландаштырууда. Кыргызстанда биринчи вакцинаны саламаттык сактоо министри алмакчы.

Жыйынтык: Жартылай чындык. Пакистан премьер-министри коронавирус илдетине чалдыкканы чын. Бирок ал эмдөөнү толук ала элек эле.  Ал эми вируска болгон туруштук бир нече жумадан кийин пайда болот.