(Кыргыз) Жаңы мэрдин компаниясы карылар үйүнүн аймагына курулуш иштерин жүргүзүүдө

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Февраль айынын этегинде Бишкек шаарынын мэри алмашып, 63 жаштагы Эмилбек Абдыкадыров калаа башчы болуп дайындалды.  

Factcheck.kg жаңы мэрдин компаниялары тууралуу маалымат топтоду. 

Эмгек жолу

Абдыкадыров Фрунзедеги политехникалык институтун жылуулук жана газ менен камсыздоо жана вентиляция адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун жыгач уста болуп баштап, кийин инженер болуп иштеген. 2002-2005-жылдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын орун басары болгон. 2008-жылы Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалган. 2014-жылы вице-премьер-министрдин коомдук башталышта кеңешчиси болгон.

Мэрдин бизнеси 

Osoo.kg маалыматына ылайык, калаа башчы бир нече компаниялардын негиздөөчүсү. 

 “Кереге Проект” ЖЧКсында Абдыкадыров директор жана негиздөөчү катары көрсөтүлгөн. Фирма 2013-жылдан бери архитектура тармагында активдүү иш алып барат. Белгилей кетсек, компания 2016-жылдан бери салык төлөбөй келет.

 “Нур Строй Монтаж” ЖЧКсында Абдыкадыров тең негиздөөчү. Компаниянын дагы бир негиздөөчүсү –  Осмонкулова Айжан Шаршеновна “ИлТегСтрой компани” жана  “РоссИмперия” аттуу дагы эки курулуш компаниясына ээлик кылат. 2021-жылы Абдыкадыров менен Осмонкулованын курулуш компаниясы 3.3 млн сом салык төлөгөн. 

“Нур Строй Монтаж” ЖЧКсы көп кабаттуу үйлөрдү куруу менен алектенет. Аталган компаниянын Бишкек шаарында комфорт жана бизнес класстагы 5 объектиси бар экени расмий сайтынан көрүүгө болот.

Комфорттук класстагы “Аэропортинский”, “Солнечный” жана “Келечек” аттуу үч турак-жай комплекси курулуп бүткөн жана алардагы бардык батирлер сатылганы маалым. Ал эми бизнес-класстагы «Кремлевский» жана «Новый век» турак-жай комплекстери курулуп жатат.

Турак жай комплекстери үнсүз жогорку ылдамдыктагы лифттер, заманбап көз карандысыз жылытуу системасы, WorkOut жана оюн аянтчалары менен жабдылган. Комплексте орточо эсеп менен бир чарчы метрдин баасы болжол менен 50 миң сомду түзөт.

“Новый век” комплекси 

«Аэропортинский» комплекси

“Келечек” комплекси

“Солнечный” комплекси

“Кремлевский” комплекси

 “Нур Строй Монтаж” курулуш компаниясы ММКларда бир нече ирет айтылган. Алсак, 2019-жылы аталган компания «One Lead One Trading Limited» компаниясы менен «Нарын» эркин экономикалык аймагында индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу жөнүндө келишим түзгөн. Бирок жергиликтүү тургундар каршы болуп, келишим бузулган.

2021-жылы Бишкек шаарынын мэриясы «Нур Строй Монтаж» курулуш компаниясына Абай көчөсүндөгү карылар үйүнүн аймагына турак жай комплексин курууга уруксат берген. Абай. Бүгүнкү күндө дал ошол жерде “Кремлевский” комплекси курулууда. 

 

 

Абдыкадыров 2020-жылдын 29-июнунда кытайлык инвесторлор менен биргеликте «Сары-Таш» Эл аралык эркин соода борбору» ЖЧКсын негиздеген. Аталган компания дагы салык төлөбөйт.

2021-жылдын жай айларында жаңы келген мэр “ЭлитТауэрс” аттуу дагы бир компанияны негиздеген. Ишкана эки  жылда жалпы жонунан 3000 сом салык төлөгөн.

Абдыкадыров алма бак өстүрүү менен дагы алектент жана “Алма” чарбасына ээлик кылат. 

Мэрдин ишкер жана саясатчы уулу

Калаа башчынын уулу Улан Абдыкадыров дагы ишкерлик менен алектенип, “Шербото”ЖЧКсына ээлик кылат. Ал эми 2021-жылга чейин жогоруда айтылган Айжан Осмонкуловага таандык “РоссИмперия” курулуш компаниясында директор болгон. Мэрдин уулу 2016-жылы шаардык кеңештин депутаты болгон. 2021-жылы “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын курамында кайрадан шайлоого аттанып, жеңишке жетпей калган. БШКга  “ИлТегСтрой Компани ЖЧКсынын директору болорун маалымдаган. Аталган компания Айжан  Осмонкулованын наамында экенин Osoo.kg сайты маалымдайт.

 

Мэрдин бизнес менен алектенүүсү мыйзамдуубу?

“Муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга ылайык, муниципалдык кызматкер жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик менен алектене албайт. Ал педагогикалык, илимий жана башка чыгармачылык менен алектенүүгө укуктуу.

Мындан тышкары, «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»сыйзамынын 43-бересине ылайык, ишкердик иш кызыкчылыктардын кагылышына алып келет, ал өз кезегинде жарандардын, уюмдардын же мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келет.

Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

Кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу маселеси боюнча түздөн-түз ага баш ийген кызматчы кайрылган учурда, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан чара көрүлбөөсү ишенимди жоготкондугуна байланыштуу жетекчини кызмат ордунан бошотуу үчүн негиз болуп саналат.

Жыйынтык: Жаңы мэр Бишкекте буга чейин беш турак жай комплекси бар ири курулуш компаниясынын үлүшүнө ээ. Анын уулу жана бизнес өнөктөштөрү да курулуш тармагында иштейт. Бул кызыкчылыктардын кагылышына алып келет.