
Бул макалада КР ЖК транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин төрайымы депутат Махабат Мавлянованын курулуш бизнеси жана Бозулан Мамазаиров менен байланышы тууралуу сөз кылмакчыбыз.
2018-жылдын 13-июнунда “Республика-Ата-Журт” фракциясы тарабынан депутат Махабат Мавлянова транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин төрайымы болуп шайланды. Factcheck.kg сайты Жогорку Кеңештин курулуш боюнча комитетин башкарган депутаттын курулуш бизнеси бар экендигин аныктап чыкты.
Депутат Махабат Мавлянова “Goldencom” (“Голденком”), “Жети Казына”, “Энерго-МБЛ”, “МЖА-Групп”, “Азия Голд Билдинг”, “ММБ жана Компани”, “URBAN DESIGN and PROJECT” (UDP) (УРБАН ДИЗАЙН энд ПРОЕКТ) (УДП), “Алашан плюс” ЖчК компанияларынын негиздөөчүсү жана тең негиздөөчүсү(уюмдаштыруучусу) болуп эсептелет. Бул уюмдардын көпчүлүгү турак-жайларды курууга тийешелери бар, бирок айрымдары гана ишмердүүлүгүнүн негизги түрү катары дал ушул турак-жайларды курууну көрсөткөн.
“Азия Голд Билдинг” , “URBAN DESIGN and PROJECT” (UDP) (УРБАН ДИЗАЙН энд ПРОЕКТ) (УДП), “ММБ жана Компани” ЖчК – бул үч компанияга Махабат Мавлянова жана Бозулан Мамазаиров ээлик кылышат.
Бозулан Мамазаиров деген ким?
Ал буга чейин оюн-зоок уюмдарынын тармагынын кожоюну катары белгилүү болуп келген. Учурда курулуш бизнеси менен алектенет. Бозулан Мамазаировго Бишкек жана өлкө боюнча бир нече ири имараттар, эс алуу зоналарды, мейманканалар таандык. Анын ичинде көпчүлүккө белгилүү Жаннат жана Мэри отель мейманканалары да бар.
Депутат Махабат Мавлянова менен Бозулан Мамазаировдун кандай байланышы бар?
Алар мурда никеде турушкан жана ортосунда Жаннат менен Мэри аттуу кыздары бар. Белгилүү болгондой, бул үй-бүлөгө таандык мейманкалар кыздардын аты менен коюлган.
Мэри Бозуланова АКШнын Флорида штатынын Маями шаарында турат.
Бул постто Мэри Бозуланова өзүнүн апасы тууралуу мындай деп жазган: “Ал менин байлыгым”(сүрөттүн астында англис тилиндеги жазуу), тегдердин арасында mommy (мама) деген сөздү да көрүүгө болот.
“МАБ-УЛА”, “Аида Компани”, “Мэри-Клуб”, МЖУ жана Компани, “Алашан плюс”, “Мэри Компани”, «АФИНА ПЛЮС», “АСКААЛЫ”, “РУБЭН-МЖ”, “Импэкс-Кредит”, “АРТЫК”, “Астория Клуб” (“Astoria clab”), “ЭК-Плюс”, “Таш-Рабат Компани”, “ЭР-ГУЛ”, “МБ И КОМПАНИ”, “Галилео”, “Мега Джек”, “ЖАМ Компани”, “Шаардык курулуш компания”, “Айлун Компани”, “МБЭ ГРУПП”, “Делайтфул-Тур”, “URBAN DESIGN and PROJECT” (UDP) (УРБАН ДИЗАЙН энд ПРОЕКТ) (УДП), “ММБ жана Компани”, “Pro Games Technology” (Про Геймс Технолоджи), ОсОО “Азия Голд Билдинг”, ” “КАПИТАЛ ПЛЮС микронасыя компаниясы”, “МАЖ плюс”, “Кыргыз АлюмПласт”, «Shambhala Tour» («Шамбала Тур»), “Мол Салык”, “Белор-Строй”, “Goldencom” (“Голденком”), “Жети Казына”, “Энерго-МБЛ”, “МЖА-Групп” – булардын баардыгы Мамазаиров Бозулан жана Мавлянова Махабат менен байланыштуу компаниялар.
Бүтүм: Депутат Махабат Мавлянованын курулуш бизнеси менен анын Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин төрайымы болгондугу кызыкчылыктар конфликтине алып келет.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда “Кызыкчылыктар конфликти” боюнча мыйзам 2017-жылдын декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, президенттин колу коюлган. Буга ылайык, кызыкчылыктар конфликти бар чиновниктер жоопко тартылышы керек.