(Кыргыз) Коронавирус норкадан адамга жугары чын

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Ноябрь айында коронавирус адамдан норкага жана норкадан адамга жуккан учурлар катталгандыгы тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү. 

Алгач коронавирус норкадан адамга жуккандыгы тууралуу маалымат 2020-жылдын 25-майында Нидерландыда пайда болгон. Бул тууралуу учурунда DW жана Reuters басылмалары жазып чыккан. “Нидерландыда норка адамга COVID-19 илдетин жуктурду”, “Нидерланды өкмөтү норкалар эки адамга коронавирус жуктурганын кабарлады”  – дал ушундай баштемалар менен аталган маалымат агенттиктер жаңылык жарыялаган.  

2020-жылдын 1-июнунда Нидерландынын саламаттык сактоо министри Уго де Йонге жана айыл чарба министри Карола Схоутен өлкөнүн парламентине жөнөткөн катында  норкалар коронавируска чалдыккан дагы үч учур катталганын кабарлаган. Мындай жыйынтык Нидерланды фермаларында милдеттүү түрдө өткөрүлчү скринингден кийин алынган. 

Июнь айында Даниядагы инфекциялык илдеттерге жана массалык кырылуу коркунучтарына каршы  илимий-изилдөөчү институту  (Statens Serum Institut) генетикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жарыялаган.  Анда Хьёрринг фермасында COVID-19 илдетине чалдыккан норкалар жана ошондой эле адамдар бири- бирине ооруну жуктурганы белгиленет.  Мындан тышкары, вирус чет жактан алынып келинбегени, бардыгында Синдаль шаарында гана табылган бирдей вирус аныкталганы кабарланат. Мындай мутацияга учураган вирус Данияда да, башка Европа өлкөлөрүндө да табылган эмес. 

3 -ноябрда Coronasmitte.dk сайтында аталган институт изилдөөнүн жаңы жыйынтыктарын жарыялаган.  Анда 2-ноябрга карата SARS-CoV-2 вирусу даниялык фермада 191 норкадан табылганы айтылат. Жергиликтүү бийлик вирустун тарап кетпеши үчүн бир нече иш-чара жүргүзгөнүнө карабай, абал оорлошуп кеткен. Мындан тышкары, SARS-CoV-2 вирусу жергиликтүү норкаларга ыңгайлашып кеткени белгилүү болгон. 

5-ноябрда изилдөөчү институт дагы бир документ жарыялап, анда адам менен норкага жуккан вирустун мутациясы иммунитеттин басаңдашына жана вакцинанын натыйжасыздыгына алып келери тууралуу кооптоонуларын жазган. Бул маалымат тиешелүү илимий рецензиядан өтпөсө да, Дания бийлиги 1200 фермадагы 15 миллион норканы жок кылуу боюнча чечим чыгарат.

Илдетке чалдыккан норкалар жайгашкан фермалардын картасы

Жыйынтык: чындык. 2020-жылдын май айынан тарта коронавирус илдети адамдан норкага жана норкадан адамга жуккан учурлар катталган. Бул тууралуу даниялык окумуштуулар билдирүү жасаган.