(Кыргыз) Мутант-улакпы же видеофейкпи? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

 

Айрым адамдар азыркыга чейин реинкарнацияга ишенип келет. Айрыкча жаныбарлардын арасында кезиккен табышмактуу көрүнүш бул ишенимди бекемдеп, Жараткандын бар экендигинин белгиси катары кабыл алынат.

Маселен, январь айынын этегинде Индиянын Раджастан штатынын Нимодия кыштагында “адам жүздүү” улактын туулушу жергиликтүү элди таң калтырды.  Табышмактуу улакты алар «Кудайдын аватары» деп атап коюшту.

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/384c6817b152cd0db5731566291c98d89ac37299.png?resize=640%2C640&ssl=1

Factcheck.kg атагы алыска кеткен улак тартылган тасманы текшерип көрдү.

«Улак» жана «мутант» деген сөздөрдү англис тилинде («goat», «mutant») издесек,  nypost.com, foxnews.com, mirror.co.uk ж.б. сайттарга туш болобуз.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/3a07e9306f6ae4aa78dc801525e41d058e9d0bce.jpeg?resize=640%2C736&ssl=1

Табылган сайттардын арасынан маалыматты эң алгачкы болуп жайгаштырган The Sun ресурсу аныкталды.  The Sun улак тууралуу видеону өз сайтына жайгаштырып, макала жарыялаган. Анда маалымат башка булактан алынганы бир нече ирет кайталанылат.

Биз ал булакты издеп көрүүнү чечтик. Тасманын сол тарабынын жогору жагында Newslions Media деген жазууну байкаса болот. Бул медиа-долбоорду Google издөө системасынан текшерсек, www.newslions.com сайты чыгат. Андагы маалыматтан Newslions Media Индиядагы улут аралык мультимедиялык эң биринчи жаңылык сайты экенин биле алдык.  Сайттын медиа-өнөктөштөрүнүн тизмегинде бизге белгилүү болгон The Sun басылмасы көрсөтүлгөн.

Жыйынтык: Чындык.

Индиянын Нимодия кыштагында мутант улактын туулганы чын. Жергиликтүү калк аны «Кудайдын белгиси» катары кабыл алган. Маалыматты алгач индиялык Newslions Media аттуу жаңылык агенттиги жарыялаган жана медиа-өнөктөшү The Sun менен бөлүшкөн. The Sun  аркылуу тасма дүйнө жүзүнө тараган.