(Кыргыз) УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге таандык делген үй кимдики?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

2018-жылы социалдык тармактарда үч кабат үй Абдил Сегизбаевге таандык делип, кызуу талкууга алынган эле. Factcheck.kg бул үй Орто-Сай-2 айылында жайгашканын аныктаганы менен, анын ээсин биле алган эмес.

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/eda64deab02aa073d859db24ce97c4a6dcfb3fd7.png?resize=640%2C481&ssl=1

Эске салсак, социалдык тармактарда Сегизбаевден тышкары үй анын орун басары Болот Сүйүнбаев жана «Мантай» деген каймана ат менен белгилүү болгон мурдагы бажы кызматкери Нурмамат Канаевге да таандык деп айтылып келген.

Абдил Сегизбаев “Азаттыкка” берген интервьюсунда бул маалыматты четке каккан.

Бул жалган, мен мунун артында ким турганын жакшы билем. Мени коомчулукка жек көрсөтүү максатын көздөп жатышканын түшүнөмМен “чабуулдарга” бута болуп жатканымды да түшүнөм”, – деп билдирген ал.

Мамлекеттик каттоо кызматы «Орто-Сай-2» конушунда Абдил Сегизбаев менен Болот Сүйүнбаевдин атына катталган объектилер жок экенин Vesti.kg  маалымат агенттигине билдирген, бирок талкууга алынган жер тилкеси жана андагы турак-жай кимге таандык экенин ачыктаган эмес.

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/cbdab6fed8b78914fac38b43a8e3ccfa8f5c5ee6.png?resize=640%2C503&ssl=1

 

Сadastre.kg сайтынын маалыматына ылайык, жер тилке менен турак-жай Самсалиев Абулхазы Нурлановичке таандык.

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/d8b135de3b062ad97c9aec2505e14be9942ea1b6.png?resize=640%2C426&ssl=1

 

Турак-жай 2019-жылдын 25-февралында ишке кирген. Ал эми ошол эле жылдын 14-майында ага ээлик кылуу укугу алынган. Үйдү куруу үчүн үч жер тилкеси бириктирилген.

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/75f8914887765ced878457cb3e6ac46036ebcaea.png?resize=640%2C251&ssl=1https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/322b04ba36e939375811b00fe326a626ef42fc20.png?resize=640%2C247&ssl=1

Демек, расмий документтерге ылайык, турак-жайдын Абдил Сегизбаев менен Болот Сүйүнбаевге тиешеси жок. Ал эми Нурмамат Канаевге кыйыр түрдө тиешелүү.  Абулхазы Самсалиев Нурмамат Канаевдин курулуш компаниясына тиешеси бар болгон же иштеген. Себеби, ал курулуш компаниянын  төлөмөмдөрүн төлөп келгенин ачык булактардан көрө алабыз.

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/d7e6cc9cc32597bdd3657d8bed108540da5ef39b.png?resize=640%2C153&ssl=1

2019-жылдан тарта компаниянын аталышы “Ордо Строй Инвест” болуп өзгөргөн.

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/60820219a95496f62cb3ff53794863cf77be9719.png?resize=640%2C431&ssl=1

 

Мындан тышкары, экөө тең буга чейин бажы кызматында эмгектенгени анык. Үч кабаттуу үйдүн ээси учурда бажы кызматында эмгектенген  Абулхазы Самсалиев.

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/33a40101f2d463cb36dcbbfabc28414a18d27494.png?resize=640%2C230&ssl=1

Абулхазы Самсалиев менен мурдагы вице-премьер министр Нурланбек Самсалиевдин учурда байлынышы бар экенин аныктай алган жокпуз.

Жыйынтык: Документтерге ылайык, Орто-Сай-2 айылындагы үч кабаттуу турак-жай Бажы кызматынын кичи лейтенанты Абулхазы Самсалиевге таандык.