(Кыргыз) Электоратты жалган цифралар менен алдоо. 1-Бөлүм

(Кыргыз) FactCheck KG экономикалык жаңылыктарды кантип текшерүү керектиги тууралуу материалдардын сериясын даярдады.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz.

Мамлекеттик кызматтар маалыматтарды берип жатканда кээде жалган же көбөйтүлгөн цифраларды беришет. Экономикалык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүшү бул майда жаңылыштык эмес. Чиновниктер мындай маалыматтарды кандайдыр бир конкреттүү максаттарда, көбүнчө электоратына жагынуу үчүн атайлап бериши мүмкүн.

Эмнеге мындай кылышат? Анткени, адамдар цифраларга ишенет. Бул туура. Бирок, алданып калбоо үчүн мындай цифралар коштогон маалыматтарды өзүбүз чын/жалганын текшерип алганды үйрөнүшүбүз керек.

Биз цифралардын алмаштырылышы боюнча төрт учурду жана маалыматты текшерүү мүмкүнчүлүктөрүн айтып беребиз. 1-Бөлүм

Экономика министри аймактардагы жашоочуларга ИДП өсүшү тууралуу жалган маалыматтарды келтирди.  Ал ысыккөлдүктөргө экономикалык жаңылык киргизип, ИДП өсүшүн эки эсе көбөйтүп айткан.

Изилдөө объектиси

2016-жылдын июлунда ошол убакта экономика министри болуп турган Арзыбек Кожошев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барды. Балыкчы шаарында ишкерлер жана тургундар менен жолугушууда жыл жыйынтыгында өлкөнүн ИДП өсүшү 5,2%га жетет,-  деп билдирген.

Бул цифра “Акчабар” каржы порталынын журналисттеринин шектенүүсүн пайда кылды.  .

Ыкма

Бул цифраны текшерүү үчүн маалымат агенттиктеринин архивин текшерүү жетиштүү болду. Бир нече жума мурун Арзыбек Кожошев өзү өкмөттүн жыйынында доклад жасап жатып 2,7 пайыз экономиканын өсүшүн болжолдогон.

5,2%дык экономикалык өсүш тууралуу чындыгында эле божомол болгон, бирок кайра карап чыккандан кийин аны эки эсе азайтууга туура келген.

Бүтүм

Экономика министри өкмөт мүчөлөрүнө жана Ысык-Көлдүн тургундарына ИДП өсүшү тууралуу эмне себептен түрдүү цифраларды келтиргендиги белгисиз бойдон калууда. «Акчабар» МА кайрылуусун ошол убакта экономика министрлиги жоопсуз калтырган.

Ошентсе да, аймактардагы тургундар менен болгон кийинки жолугушууларда Арзыбек Кожошев экономиканын өсүшү тууралуу жалган маалыматтарды бербей калды.