(Кыргыз) Электоратты жалган цифралар менен алдоо. 2-Бөлүм

(Кыргыз) FactCheck KG экономикалык жаңылыктарды кантип текшерүү керек экендиги тууралуу материалдардын сериясын даярдады.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz.

Мамлекеттик кызматтар маалыматтарды берип жатканда кээде жалган же көбөйтүлгөн цифраларды беришет. Экономикалык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүшү бул майда жаңылыштык эмес. Чиновниктер мындай маалыматтарды кандайдыр бир конкреттүү максаттарда, көбүнчө электоратына жагынуу үчүн атайлап бериши мүмкүн.

Эмнеге мындай кылышат? Анткени, адамдар цифраларга ишенет. Бул туура. Бирок, алданып калбоо үчүн мындай цифралар коштогон маалыматтарды өзүбүз чын/жалганын текшерип алганды үйрөнүшүбүз керек.

Биз цифралардын алмаштырылышы боюнча төрт учурду жана маалыматты текшерүү мүмкүнчүлүктөрүн айтып беребиз.

2-Бөлүм. Миллиард, керек болсо эки миллиардды пландаса болот

Жогорку Кеңештин депутаттары соода алмашуу жаатында план катары  $1 млрд деп кооз цифраны келтиришти, ал эми чындыгында соода алмашуунун көлөмү  мындан 5 эсе аз.

Изилдөө объектиси

Өткөн жылдын декабрында Түркиянын парламентинин башчысы Исмаил Кахраман Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда соода алмашуунун көлөмүн $1 млрдга жеткирүү тууралуу оюн билдирген.

Кахраман белгилегендей, бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосунда соода алмашуу  $400 млнду гана түзөт.  Бирок муну менен чектелбей бул цифраны дагы көбөйтүү керек.

Бул тууралуу маалымат бир нече ЖМКларда жарыяланган.

Ошентсе да, Түркиянын парламент башчысы эки мамлекеттик ортосунда соода алмашуунун көлөмү  $400 млнду түзөт деген маалыматты  «Акчабар» каржы порталынын журналисттери текшерүүгө алышты.

Ыкма

Кыргызстанда башка өлкөлөрдөй эле, статистика жүргүзгөн атайын орган бар. Ал экономикалык көрсөткүчтөрдү эсептөө менен гана алектенбестен,  бул маалыматтардын баардыгын бир жерге чогултат. Кыргызстанда ал орган Улуттук статистикалык комитет деп аталат -www.stat.kg.

Журналисттер дал ушул сайттан жогоруда айтылган маалыматты текшерип көрүштү.

Бүтүм

Улуттук статистикалык комитетте жарыяланган акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда соода алмашуунун көлөмү Түркиянын парламент башчысы Кахраман айткандай $400 млн эмес, болжол менен эки эсе аз $221 млнду(2017-жылдын январь-сентябрь айларында)  түзөт.

Андыктан эки мамлекет ортосунда соода алмашуунун көлөмүн $1 млрдга көбөйтүү реалдуулуктан алыс.

Статистика боюнча  2016-жылы соода алмашуунун көлөмү депутаттар “пландагандан” 3 эсе аз чыгып, $281 млнду түзгөн. Ал эми 2015-жылдагы маалыматтар боюнча ал көрсөткүч 4 эсе аз болуп,  болгону $248 млн болгон.