(Кыргыз) Жапаровдун Ошто сүйлөгөн сөзүндөгү калпы жана манипуляциясы

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

3-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолукту.

Factcheck.kg анын сүйлөгөн сөзүндө жалган маалымат жана манипуляция бар экенин аныктады.

Садыр Жапаров  Кыргызстанда бир дагы экс-президент болгон эмес деп белгилеп, Сооронбай Жээнбековго “экс” макамын ырымдап, өз демилгеси менен бергенин айткан.

«Бизде 30 жылдан бери бир да экс-президент жок. Экөөнү кубалап ийдик, бирөөнүн “эксин” алып түрмөгө тыкканбыз. Анан Сооронбай Шариповичти кубалап ийсек, же түрмөгө тыксак, анда мындан кийин да ушундай терс көрүнүштөр улана берет беле деген ой келип, атайын ырым кылып, мындан ары бийлик мыйзамдуу, шайлоо жолу менен  алмашып турсун деген ырым менен экс-президент деген наам бердик», – деди ал.

Эске салсак, 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу билдирүү жасаган. Анда нааразычылык акциясына катышкандар менен укук коргоо органдарынын ортосунда жаңжал чыгып, кан төгүлүп кетпеши үчүн кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын жарыялаган.


Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 69-беренесине ылайык, кызматынан четтетилгенден башка бардык мурдагы президенттер Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген наамга ээ болушат. Экс-президенттин статусу мыйзам менен белгиленет. Ал эми 67-беренеде президенттин аракеттеринде кылмыш белгилери болгону жөнүндө Башкы прокурордун корутундусу менен бышыкталган Жогорку Кеңеш тарабынан кылмыш жасагандыгы жөнүндө коюлган айыптын негизинде гана президент кызматынан четтетилип, андан соң жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн деп айтылат.

Жыйынтык: манипуляция. Экс-президенттин статусу мыйзам менен белгиленет.

Мындан тышкары, Жапаровдун 30 жылдан бери өлкөдө бир дагы экс-президент богон эмес деген сөзү жалган — 2011-жылдын 2-декабрында Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Бул жарлык бүгүнкү күнгө чейин өз күчүн жоготпогондугуна байланыштуу, Роза Отунбаева мыйзамдуу түрдө экс-президент макамына ээ.

Жыйынтык: жалган.  Сооронбай Жээнбеков менен катар Роза Отунбаева да экс-президент макамына ээ.