(Кыргыз) Текебаевдин манипуляциясы: изилдөөнүн жыйынтыгы кантип бурмаланган?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Журналист Майраш Базлакунова Өмүрбек Текебаев менен болгон маегин өзүнүн Youtube каналында 2020-жылдын 7-мартында жарыялаган.

Райымбек Матраимовдун учурдагы таасири тууралуу суроого Текебаев мындай деп жооп берген: «Америкалыктар жүргүзгөн иликтөө боюнча Райым Матраимов биринчи он саясатчынын арасына 14% ишеним менен кирип калыптыр».

Бул тууралуу алгач Kyrgyztoday сайты жазып чыгып, андан соң NazarNews,   Kabarlar,  Gezitter,  кабарлаган.

Текебаевдин билдирүүсү изилдөөнүн жыйынтыгына канчалык деңгээлде дал келет? Factcheck.kg текшерди.

Интервью учурунда Өмүрбек Текебаев изилдөөнү өткөрүүгө буйрук бергендерди, изилдөө өткөрүлгөн убакытты жана 14% тууралуу кеп кылган.

Бул маалыматтан улам,  2019-жылдын 21-ноябрынан 3-декабрына чейин Кыргызстанда өткөрүлгөн сурамжылоо жөнүндө кеп козголгонун аныктайбыз. Сурамжылоо Эл аралык Республикалык Институтунун буйругу менен Baltic Surveys / The Gallup Organization аттуу рынокту жана коомдук пикирди изилдөөчү компанияга таандык Dr. Rasa Alisauskiene тарабынан өткөрүлгөн. Респонденттерди SIAR Research and Consulting компаниясы сурамжылаган.

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Изилдөөдө саясатчылар тууралуу болгону эки суроо бар:

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/9942d02a68330287074e318be2c9a7c9501d123f.png?resize=640%2C485&ssl=1

«Сиз кайсы саясатчыга ишеним көрсөтөсүз?» деген суроого көпчүлүк «Бабановго» деп жооп бергенин көрсө болот. Бул ачык суроо болгондуктан, респонденттер саясатчынын ысымын өздөрү айткан. Жоопто 16 адамдын аты-жөнү камтылган. Бирок, бул тизмеде Райымбек Матраимовдун ысымы айтылган эмес.

Андаң соң, изилдөөдө саясатчылардын рейтинги тууралуу слайд көрсөтүлөт. Белгилей кетчү жагдай,  сурамжылоо өткөргөндөр саясатчылардын тизмегин алдын ала даярдаган.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/ea14b5edaf0ba92f9296c7ed988f285290c9d179.png?resize=640%2C504&ssl=1

Башкача айтканда, респонденттерге «Сиздин бул же тиги саясатчыга болгон көз карашыңыз кандай?» деген суроо узатылган. Жооптордун арасындагы «бул тууралуу уккан эмесмин» деген жооптун бар болуусу буга далил.

Алдын ала даярдалган саясатчылардын тизмесинен Райымбек Матраимов эң төмөнкү орунду ээлеген. Респонденттердин жарымынан көбү (51%) Матраимовго терс көз карашта, ар бир бешинчи жаран (20%) бул саясатчыны билбейм деп жооп берген.  Ал эми 16%ы суроого жооп берүүдөн баш тарткан же «билбейм» деп жооп узаткан жана болгону 14% Матраимовго оң көз карашта экенин айткан.

 

Жыйынтык: Өмүрбек Текебаев изилдөөнүн жыйынтыгын бурмалаган. Анын айтканы — сандар менен жүргүзүлгөн манипуляция.