(Кыргыз) WhatsApp мессенджеринин иши үзгүлтүккө учурады. Эмне болду?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

25-октябрда популярдуу WhatsApp мессенджеринин ишинде чоң маселе жаралды. Алгач тиркемелердин колдонуучулары билдирүүлөрдү же жибере албай, же алалбай жатышты, андан кийин программанын интернет менен байланышуусу үзгүлтүккө учурады.

Factcheck.kg редакциясы анын себебин аныктаганга аракет кылды.

Интернеттеги популярдуу булактарга байланыштуу маселелерди каттап турган Downdetector кызматынын маалыматы боюнча, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө аларга дүйнөнүн булуң бурчунан 5 миңден ашуун даттануу келип түшкөн.

Скриншоттон көрүнүп тургандай, мессенджердин ишине даттануулар дүйнөдөгү дээрлик бардык өлкөлөрдөн келип түшкөн, анын ичинде Кыргызстандан да.

Бишкек убактысы боюнча болжолдуу 14:30да WhatsApp кайра иштей баштаган. Бирок анын иштебей калышынын себептери тууралуу маалыматты компаниянын жетекчиси Уилл Кэткарт дагы бербеди, компаниянын коомдук тармактагы баракчасынан да табуу мүмкүн болбоду.

Эскерте кетсек, үч жыл мурун WhatsApp эл аралык технологиялык NSO Group компаниясына арызданып, кылмышкерлер мурда бул компанияга тиешеси бар серверлерди жана интернет-хостингдин кызматтарын колдонгонун билдирген болчу.

Белгилей кетүүчү жагдай, башка популярдуу мессенджердин – Telegram’дын – негиздөөчүсү Павел Дуров мурдараак WhatsApp’тын коопсуздугунда чоң маселелер бар экенин жана анын маалыматтар базасына жетүү хакерлер үчүн анчалык деле оор эмес экенин билдирген болчу.

Тиркеменин ишиндеги үзгүлтүктөр Орусиянын колдонуучуларында да байкалган жана ушуга байланыштуу  бул мессенджердин ишине Орусияда акыры бөгөт коюлду деген билдирүүлөр пайда болгон. Facebook менен Instagram’га Орусия Федерациясында расмий түрдө бөгөт коюлганы менен WhatsApp эч бир чектөөсүз иштеп жаткан. Роскомнадзордун билдирүүсү боюнча, мессенджер коомдук тармактарга окшоп орусиялык аскерлердин дарегине карата кастык тилге жол берген эмес. Бирок да орус бийлигинде тиркемеге карата олутуу нааразычылыктары бар.

Тыянак: чындыгында, шейшембиде WhatsApp мессенджеринин ишинде бүт дүйнөнү камтыган чоң үзгүлтүктөр орун алган, бирок бир нече саатан кийин анын иши калыбына келген. Анын себептери тууралуу аызырынча эч бир маалымат жок.