(Кыргыз) МЕДИАСЫН: америкалыктар менен “контрабандистан”. Snob.kg макаласына саресеп салабыз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Кыргызстанга “Контрабандистан” имиджин кантип таңуулап атышат”. Дал ушундай баштема менен март айында Snob.kg сайтында макала жарык көрдү. Factcheck.kg “Медиасын” рубрикасынын алкагында бул макалага саресеп салды.

Материалды анализдөө үчүн россиялык «Монитор медиа» (themonitor.media) басылмасынын пропаганда жана манипуляция ыкмаларынын классификациясын, ошондой эле Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексин пайдаландык. 

Макалада манипуляция ыкмалары жана Этикалык кодекстин беренелери одоно бузулганын аныктадык.

Алгач баштемада “контрабандистан имиджин таңуулоо” тууралуу кеп козголуп, аудиторияга эмоционалдык таасир тийгизүүдө. Мындан тышкары,  “контрабандистан” аттуу сөздүн өзү башка интернет-сайттарда колдонулбай тургандыгын белгилей кетели.

Журналист алгач Kloop.kg менен OCCRP биргеликте жасаган “Өкүм алдындагы базарлык. Матраимов өкмөткө эски батирлерди өткөрүп, өз мүлкүн сактап калдыбы?” аттуу макала тууралуу кеп козгоп, мындай деп жазган:

«эксперттердин айтымында бул материал жосунсуз жазылып, бир гана Вашингтон менен Кыргызстандын ортосундагы геосаясатты чечүү максатын көздөп жасалган…».

Бирок, автор эксперттин аты-жөнүн тактаган эмес. Демек, Этикалык кодекстин 18-беренесинин бузулушуна жол берген:

«… Журналист өз материалынын каармандарына, тигил же бул көрүнүштөргө жана окуяларга терс же оң пикирин билдирген купуя эксперттердин сөздөрүн колдонуудан баш тартканы абзел.

Ошол эле учурда бул «анонимдүү авторитет» аттуу манипуляция ыкмасы. Мында аудиторияны белгилүү бир пикирге ынандыруу үчүн колдонулган анонимдүү булактын цитатасы пайдаланылат.

Буга далил катары автор массалык маалымат каражаттарына колдоо көрсөткөн донорлор менен Америка конгрессинин байланышы бар деп окурманды ишендирет. Бирок, бул пикир факты менен тастыкталган эмес.

Демек, Этикалык кодекстин 10-беренесинин бузулушуна жол берилди:

Фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл.

Мындан тышкары, журналисттик иликтөөдө бир гана Kloop.kg жана OCCRP журналисттери эмес, Bellingcat интернет-басылмасынын кызматкерлери да иштегенин жана бул басылма америкалыктар тарабынан каржыланарын жазган. Бирок, Bellingcat басылмасынын негизги каражат булагын краудфандинг (окурмандар которгон каражат) жана ачык булактар менен иштөө боюнча акы төлөнүүчү семинарлардан келип түшкөн финансылар түзөт. Демек, журналист “дезинформация” аттуу манипуляция ыкмасын колдонууда.  

Дезинформация — окурмандарга толук эмес, контексттен алынган жана бурмаланган маалыматты берүү. 

Журналист макаласында саясат таануучу Кубатбек Асановдун интервьюсун камтыган:

“Bellingcat өзүнүн антироссиялык иликтөөлөрү менен белгилүү болду …”, “оппозиционер Навальный менен биздин жергиликтүү батышчыл антиөкмөттүк коомчулуктун ортосунда көптөгөн окшоштуктарды байкаса болот”…

Белгилей кетсек, Bellingcat бир гана россиялык бийлик тууралуу иликтөөлөрдү жасабастан, Америкадагы коррупциянын да жүзүн ачып жүргөнү менен таанымал. Мисалы, Йемендеги интервенцияга байланышкан иликтөө.

Демек, макала бир тараптуу берилип, анда журналистиканын тең салмактуулук принциби сакталбай калган.

Журналист манипуляциянын “дезинформация” жана “жеке адамга жана бейкалыс пикирге таянуу” аттуу ыкмаларын колдонгон:

“жеке адамга жана бейкалыс пикирге таянуу” – массалык аудиториянын бейкалыс пикирине карата кайрылуу, анын моралдык баалуулугуна байланыштуу өзүнүн көз карашына ишенүү керек болгон учурда колдонулат.

Мындан тышкары, Этикалык кодекстин 17-беренеси бузулган:

Каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабылган адамдардын пикирлеринин тең салмакта берилиши шарт.

К.Асановдун  «британиялык интернет-басылмасынын журналисттик иликтөөгө катышканы тууралуу пикири жана Ослунд бийликтеги коррупцияны бирөөнүн жардамы аркылуу билип алды” деген пикири факт катары берилип, окурмандарды адаштырат.  

Демек, журналист Этикалык кодекстин 10-беренесин бузуп, “жартылай чындык”, “дезинформация” аттуу манипуляция ыкмаларын колдонгон.

“Жартылай чындык” –  мында окуманга манипулятор үчүн керектүү гана маалымат берилет да, калган маалымат атайлап көмүскөдө калат.

Цитата: “Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча “Азаттыктагы” негативдүү макалалар…”.

Чынында Жапаровдун Өзбекстанга болгон сапары жөнүндө, анын ичинде чек ара маселеси тууралуу “Азаттыкта” бир нече макала жарыяланып, алар негативдүү эмес, нейтралдуу  берилгенин аныктаса болот.

Мында автор Этикалык кодекстин 23-беренесинин бузулушуна жол берген:

Журналист өз кесиптештерине залака келтирбей, алардын абийирин жана ар-намысын урматташы абзел. Кесиптик тилектештик алкагында журналист кесибинин, чынчыл атаандаштыктын, сөз жана маалымат эркиндигинин кызыкчылыгы үчүн күч үрөөгө тийиш.

Мындан тышкары, “дезинформация”, “каралоо” ыкмалары колдонулган.

“Каралоо” ыкмасы коомго таасир этүү максатында көп колдонулат. Манипулятор аудиториянын эмоцияларына таасир берип, көрөрман начар деп эсептеген идеяларды көтөрүп чыгат да, ага каршы универсалдуу рецепттерди сунуштайт.

Ал эми макаланын соңунда автор окурманды “белек берген америкалыктардан” коркууга үндөйт.

Муну менен ал кесиптик этиканын 1- жана 6-беренелерин бузган.

1-берене: “Журналист коомдун демократиялашуу процессине, Кыргызстандын көп улуттуу элинин ынтымагына, ошондой эле өлкөдөгү экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөргө көмөктөшүүгө тийиш”.

6-берене: “Журналисттин жалпыга маалымдоо каражаттарын коомдун мүдөөсүнө, адамдын жана жарандын укуктарына каршы, согушту, зомбулукту, расалык, улуттук, жыныстык, гендерлик, региондук, диний, сексуалдык жана социалдык кастыкты пропагандалоо максатында пайдаланышына жол берилбейт”.

Манипуляциянын  “душманды шайтанга айландыруу” ыкмасы пайлаланылган — текшерилбеген же болбосо жалган маалыматты пайдалануу менен оппонент абийирсиз, таш боор, адам эмес кылып көрсөтүү.

Макаланын соңунда кастык тили пайдаланылат. Кастык тили — бул медиада кайсы бир расанын, этностук, диний, гендердик же социалдык топтун ѳкүлдѳрү үчүн жагымсыз, кемсинтүүчү маанидеги терс баа берүүчү сѳздѳр менен визуалдык контенттин формалары.

Жалпысынан макала журналистиканын тең салмактуулук, калыстык жана жарандарга ишенимдүү маалымат берүү сыяктуу негизги принциптерин бузуу менен жазылган.

Жыйынтык:

  1. Журналист макала жазууда Этикалык кодекстин 1,6,10,18,23-беренелерин бузган;
  2. Манипулянын бир катар ыкмаларын пайдаланган;
  3. Кастык тилин колдонгон.