(Кыргыз) Медиасын: мазактоо аркылуу адамдык сапаттарга үндөгөн «АЗИЯ news» гезитинин макаласы

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

11 июнда  «АЗИЯ news» гезитине Сакен Борубаевдин «Ширин Айтматова менен Гуля Алмамбетова психикалык жактан оорулуубу?» аттуу макаласы жарык көргөн. Аталган макаланы «NazarNews.kg»  маалымат агенттиги да чыгарган.

Макала темасы

Тема суроо ирээтинде айтылып, экс-депутат Ширин Айтматова менен Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетованын психикалык абалына шек келтирет.

Журналисттер көп учурда өз пикирин суроо ирээтинде коюп, аны окуган адам өз алдынча тыянакка келишине шарт түзөт. Бул ыкма журналисттер арасында кеңири жайылган. Анын себеби, эгерде автордун менчик пикири суроо эмес, ырастоо ирээтинде айтылса, критикага кабылган жаран журналистти жоопко тартып, өз беделин коргоо үчүн сотко чейин барышы ыктымал.

Ошол эле учурда эки атактуу адамдын психикалык абалы тууралуу суроо ирээтинде кеп козгоо провокацияга жатат.

Мазмуну

Материалдын автору окурмандарды аталган эки айымдын анык жүзүн таанууга чакырат: «Эмесе, элди эриктирбей экөөнүн жүзүнө «черткилеп» коёлу».  Андан соң, каармандарды мазактоого өтөт:

  1. Ширин Айтматованын мурдагы бажы кызматынын орун басары Раимбек Матраимовго каршы өткөргөн акциясы макаланын автору тарабынан сынга алынат. Эске салсак, Айтматова Матраимовдун сүрөтү тартылган футболкаларды чыгарып, баннерлерди көчөгө чаптаганы коомдо талкууга алынган. Мындан тышкары, экс-депутат социалдык тармактарда аватарын өзгөртүп, «UURDA», «РАИМЕЕТ НАС» аттуу лозунгдарды жайылткан.

Автордун айтымында Айтматованын акциясы Матраимовдун беделин түшүрөт: «акылдан адашкандай акция жасап, Райым Матраимовдун кадыр – баркына шек келтирген сүрөт тарттырып, орунсуз сөздөрдү жаздырган болчу».

«Ары жагында жок болсо, айла жок экен да…»  – макала каарманын мазактоо. Ага «Ширинка» деп кайрылуу – кедейге мамиле кылуу.

  1. Макалада автордун сынына кабылган экинчи каарман– Гуля Алмамбетова. Бул айымдын ден-соолугу тууралуу мындай деп жазылат: «Окугандар Гулянын психикалык саламаттыгынан шек санашып, баш чайкашты». «Шектин» жаралышына төмөнкү жүйөлөр келтирилет:

–  Алмамбетованын буга чейин твиттер-аккаунтунда Раимбек Матраимов тууралуу жазган уят сөздөрү.

– мэрдин кеңешчисинин Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавляновага жооп ирээтинде твиттерде жазган уят сөздөрү.

Тилекке каршы, автор «Журналисттин профессионалдык ишин коргоо жөнүндө» мыйзамынын 7-беренесин унутта калтырган. Эске салсак, аталган беренеге ылайык, журналист материалды даярдоодо бирөөнүн укугун жана эркиндигин, намысын жана кадыр-баркын сыйлоосу шарт жана макала каармандарын мазактап, шылдыңдоого жол берген сөз айкалыштарын колдонуудан алыс болуусу зарыл.

Мындан тышкары, Жогорку сотунун пленумунун «Ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделин коргоо жөнүндөгү талаштарды чечүү боюнча сот практикасынын айрым маселелери жөнүндө»  токтомуна ылайык:

«Каралоочу деп жарандын же юридикалык жактын аракеттеги мыйзамдарды же моралдык эрежелерди бузгандыгы жөнүндө (жаман жорук жасагандыгы, жумушта же башка жамаатта, тиричиликте өзүн туура эмес алып жүргөндүгү жөнүндө, ишкердик жана коомдук ишмердигине, ишкердик ишкердик беделине шек келтирүүчү) чындыкка дал келбеген, жарандын ар-намысын жана кадыр-баркын же юридикалык жактын ишкердик беделин түшүрүүчү ырастоолорду камтыган маалыматтар эсептелет».

Жалпысынан алганда материал бажы кызматынын орун басары Раимбек Матраимовду сындаган адамдарды каралоо аркылуу, аны «оң каарман» катары берүү аракетинде даярдалган.

Бирок бул учурда Бумеранг эффекти пайда болорун белгилеп кетүү зарыл.

Бумеранг эффекти –бийликке ээ болгон тайпалар тарабынан колдонулган жаңылыш ыкма. Ага ылайык, оппонеттерди кайра-кайра каралоо аудиториянын тескери реакциясына алып келет. Окурман мындай макалаларды көп ирет кезиктирген соң, жыйынтыгында, каарман тарапка ооп, ага боору ооруй баштайт. Ошол эле эффект башка учурда да кездешет. Бийлик тараптын коомдо болгон ушактар менен күрөшүү аракети, тескеринче, ал ушактардын күчөшүнө алып келет».