(Кыргыз) Душанбеге медициналык учактын келгени чын. Бирок, Эмомали Рахмонду алып кеткени далилденген жок

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

 

Социалдык тармактарда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон COVID-19 вирусун жуктуруп алганы талкууланып жатат. Далил катары flightradar24.com сайтынан алынган скриншот келтирилген. Ал жакта 3-май күнү N163PA номериндеги учак Душанбеден Германиянын Рамштайн шаарына учуп кеткен. Ошондой эле, билдирүүдө учак медициналык багытта экени айтылат.

Учактын борт номери боюнча авиакомпанияны издейбиз. Phoenix air компаниясынын медициналык багыттагы учактары бар экенин аныктадык. Ал учактар Эбола илдетине чалдыккандарды Африкадан чыгарып жүргөн. N163PA номериндеги  учак 15-мартта коронавирус менен ооруган АКШнын жаранын Бутандан чыгарып кеткен.

Сүрөт Kuensel/ANN

Бутанга учуу Flightradar24.com сайтында катталган.

Flightradar24.com сайтынан алынды.

 

Ушул эле ресурстан учак Душанбеге келип, андан соң Германияга учуп кеткенин көрө алабыз.

Flightradar24.com сайтынан алынды.

Бирок, Тажикстандын бийлиги маалыматты четке какты. Президенттин жардамчысы Абдуджаббор Рахмонзода бул боюнча комментарий берген:

“Шарофиддин Гадоев сыяктуу улут душмандары Facebook, YouTube аркылуу таратып жаткан бул маалымат чындыкка дал келбейт. Өлкө президенти улуттун ардактуу лидери Эмомали Рахмон бул оор күндөрдө жумушта жана жагдайды жакшыртуунуну үстүндө ойлонууда. Аны менен иштегендер, өкмөт мүчөлөрү, өлкөнүн жарандары муну көрүп, билишет”, – деп билдирди Рахмонзода.

Шарофиддин Гадоевдин маалыматында 30-апрелде өкмөттүн жыйынына президенттин катышпаганы айтылат.

Тажикстандын президентинин расмий сатында, тескеринче, Эмомали Рахмон өкмөттүн жыйынына катышканы тууралуу кабарланат. Бирок, ал жыйындан сүрөт жана видео жарыяланган эмес.

“Эгер Рахмондун ыйык Рамазан айынын башталышына арналган 2020-жылдын 23-апрелиндеги кайрылуусун жакшылап карасаңыз, анын жүзү баклажандын түсүндөй экени байкалат. Ден-соолугу жакшы эмес экенин өң-түсү айтып турат”, – деп жазган активист.

Тажикстандын президентинин куттуктоосу текст түрүндө президенттин сайтында жарыяланган. Ал жакта сүрөтү  бар.

Ал эми “ФутБол ТВ ТАДЖИКИСТАН” YouTube каналында ошол куттуктоонун видеосу чыккан.

 

Жыйынтык:

  • N163PA борт номерлүү учактын медициналык багытта колдонулаары – чын. Буга чейин, 13-мартта ал учак коронавирус менен ооруган АКШнын жаранын алып чыгуу үчүн колдонулган.
  • N163PA борт номерлүү учактын 3-майда Душанбеге учуп келгени чын. Ал жактан Рамштайн шаарына жакын жердеги аскердик базага учуп кеткен, андан ары Канада аркылуу АКШга учкан.
  • Эмомали Рахмон коронавирус жуктуруп алды деген маалымат  далилденген жок.
  • Тажикстандын президентин Германияга учакта алып чыгып кетишти деген маалымат  далилденген жок.