(Кыргыз) Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Наталья Синдеевага карата уят сөздөрдү колдонду

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Telegram’да уят хэш-тегдер колдонулган Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) билдирүүсүнүн скриншоту таркатылууда. Ага түшүндүрмөдө:“Орусиялык дипломатия. Орусия Федерациясынын ТИМи “Дождь” телеканалынын генералдык директору Синдееванын жумуштан бошотулган кызматкерлеринен кечирим сураган билдирүүсүнө уят сөздөр жана кемсинтүүлөр менен реакция кылды”, – деп айтылат.

Factcheck.kg редакциясы бул билдирүүнүн аныктыгын текшерди.

Орусиянын ТИМи чынында 6-декабрда өзүнүн Telegram-каналында Наталья Синдееванын видеокайрылуусуна жооп катары “#ТИМбилген жана улуу адамдардын цитаталары” («#МИДзнал и цитаты великих») деген аталыштагы билдирүүсүн жарыялаган. Билдирүү  хэш-тэгдерден жана Синдееванын видеосунан турган. Колдонулган хэш-тегдердин арасында уят сөздөр да болгон.

Эскерте кетсек, “Дождь” телеканалынын Генералдык директору Наталья Синдеева 6-декабрда видеокайрылуу кылган. Анда ал орус аскерлерине жардам берүү тууралуу сөздөрү үчүн жумуштан бошотулган алып баруучу Алексей Коростеловдон “Дождь” телеканалына кайтып келүүнү суранган.

Синдеева Коростеловдон кечирим сураган. Ал Коростелов кетирилген “ката үчүн” жумуштан бошотулганын жана жумуштан бошотуу тууралуу бул чечим алып баруучуга карата “кара санатайлык” болоорун билдирген.

Ошондой эле Синдеева Коростеловду жумуштан бошотууга каршы экендерин билдирип жумуштан кетишкен алып баруучулар Маргарита Лютованы (ал ошол эле кезде “Медузанын” атайын кабарчысы болуп иштейт) жана Владимир Роменскийди “Дождь” телеканалына кайтып келүүгө чакырган.

Орусия ТИМинин постун Синдееваны кемсинткен жана шылдыңдаган пост катары кабылдаса болот. Анткени ал кайрылуу жасап жатып, кармана албай ыйлап жиберген болчу.

Ал эми 2021-жылдын февралында Орусияда “Маалымат, маалыматтык технологиялар жана маалыматты коргоо жөнүндө” мыйзам кабыл алынганын эске алсак (мыйзамда коомдук тармактарда уят сөздөрдү колдонууга тыюу салынат), ТИМ сыяктуу мамлекеттик уюм үчүн мындай пост ага аброй алып келбейт.

Тыянак: чындык. Орусиянын ТИМи чынында уят сөздөр колдонулган билдирүү жарыялаган.