(Кыргыз) Сүт, балык, колбаса: экспорттун канча көлөмү Орусиянын рыногуна туура келет

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Россельхознадзор 21-апрелден тарта Кыргызстандын бардык ишканаларынан сүт азыктарын Орусияга ташып келүүгө тыюу салды. Ага “Ооусияга экспорттолуучу сүт азыктарынын сапатын жана коопсуздугун камсыздоо жана ырастоо боюнча республиканын компетенттүү органынын ишинин натыйжасыздыгы” себепчи болгон. Андан бир аз мурдараак Россельхознадзор Кыргызстандан Орусияга форелдерди жана форелдердин икрасын, ошондой эле колбасаларды импорттогонго убактылуу тыюу салган. Россельхознадзордун билдирүүсү боюнча, форелде көп зыяндуу заттар болгон, ал эми адал колбасаларда чочконун эти табылган.

Factcheck.kg редакциясы Орусиянын рыногуна экспорттун канча көлөмү туура келээрин аныктады.

Азыктар бардык кабыл алынган стандарттарга жооп берет

Россельхознадзордун тизмеги боюнча, кыргызстандык 199 компания Орусияга өз продукцияларын жибере алышат. Алар сүт, бал, балык, эт азыктарын өндүрүүчүлөр. Ишканалардын 41и сүт азыктарын, 32 ишкана балык азыктарын, 14 фирма колбаса азыктарын (тизмек такталып жатат) Орусияга жөнөтүп турушат. Бирок бүгүнкү күнү сүттү экспорттоого тыюу салынган.

Өз кезегинде Агро-өнөржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясында 25-апрелде кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн сүт азыктарынын сапаты бардык стандарттарга жооп берерин, ал эми Кыргызстандын компаниялары ЕАЭС 021 ТР ТС (ХАССП) техникалык стандарттар боюнча иштешерин жана ISO 22000 сретификаттары бар экенин билдиришти.

“Биздин мүчөлөр – КРдин жана ЕАЭБдин мыйзамдарынын бардык талаптарын аткарган сүт азыктарын өндүргөн ири компаниялар”, – деп билдиришти ассоциацияда.

Балык экспорту тез арада калыбына келиши керек болчу. Бул тууралуу 13-апрелде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирген.

“Өткөн жылы да экспорт эки эсе өскөн. Бирок, тилекке каршы, алардын арасында антибиотиктери бар балык продуктыларын реэкспорттоо менен алектенген абийирсиз экспортерлор да бар. Алардын айынан биз жапа чектик”, – деген аткаминер.

Адал (халал) колбасасында чочконун эти табылды деп кине коюлган “Адал Азык” компаниясынын өкүлү (“Тойбосс” соода маркасы, – ред. түш.) өз продукциясын өндүрүүдө компания эч качан чочконун этин колдонбогонун билдирди.

Андан сырткары компаниянын өкүлдөрү сырьёнун жана өндүрүлгөн продукциянын толук тизмек боюнча зарыл болгон изилдөөлөрүн жүргүзүүгө даяр экенин билдиришти.

Россельхознадзор билдиргендей, бул мекеменин инспекциясынан кийин гана Кыргызстандын балык жана сүт азыктарын өндүрүүчүлөрү орусиялык рынокко кайра кире алышат. Жакынкы убакта компетенттүү органдардын өкүлдөрү балыкты иштеткен эки кыргыз компаниясында видеоинспекцияны жүргүзүүнү талкуулашмак, кийин бул тизмекке сүт өндүрүүчүлөр дагы кошулушу мүмкүн.

Орусияга канча сүт, колбаса жана балык экспорттолууда?

Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала маалыматтары боюнча, Кыргызстан менен Орусиянын 2023-жылдын январь-февраль айларындагы тышкы соода товар жүгүртүмүнүн көлөмү $335 млн түзгөн, ушул эле убакта өткөн жылы бул көрсөткүч  $441 млн болгон, башкача айтканда тышкы соода товар жүгүртүмүнүн көлөмү 1.3 эсе азайган. Бирок Орусия Кыргызстан үчүн негизги соода-экономий өнөк бойдон калууда.

Сүттүн экспорту

Улуттук статкомдун маалымттары боюнча, 2023-жылдын январь-февралында Кыргызстан 2052 тонна сүт азыктарын экспорттогон. Негизги импортер Казакстан болгон – ошол эле 2052 тонна. Орусияга болгону 1500 сомго сүт жиберилген. Белгилей кетсек, өткөн жылы ушул эле убакта Кыргызстан экспортунун көбүн Казакстанга (1598 тонна), аз көлөмдөгүсүн Орусияга (61 тонна) жиберген болчу.

Колбасанын экспорту

Колбаса жана эт азыктарына кайрылсак, 2023-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстан 135 тонна экспорттогон. Анын көбү Орусияга – 71.6 тонна, Казакстанга – 62.8 тонна жана Өзбекстанга – 1.4 тонна жөнөтүлгөн.

Бирок да өткөн жылы Кыргызстан быйылкы жылга салыштырмалуу 9 эсе көбүрөөк колбаса азыктарын экспорттогон. Салыштыра келсек, Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстандан импорттун көлөмүн 19 эсе азайткан, ал эми Орусия болгону 1.5 эсеге.

Балыктын экспорту

Улуттук статкомитетте балыктын ар бир түрү боюнча маалыматтар жок, бирок балык азыктарынын жалпы экспортунун көлөмү боюнча маалыматтар бар. Жаңы кармалган балыкты жана муздатылган балыкты Кыргызстан негизинен Орусияга экспорттогон – 139 тонна, тоңдурулган балык дагы баарынан көп бул өлкөгө жөнөтүлгөн – 568 тонна.

Бул жылы Орусия өткөн жылга салыштырмалуу Кыргызстандан импорттолгон балыктардын көлөмүн көбөйткөн. Мисалы, өткөн жылы Кыргызстан жаңы кармалган балыкты жана муздатылган балыкты Орусияга экспорттогон эмес.

Тыянак: Улуттук статкомдун маалыматтары боюнча, Орусия Кыргызстандын негизги соода-экономий өнөгү бойдон калууда. 2023-жылдын январь-февраль айларындагы тышкы соода товар жүгүртүмүнүн көлөмү $335 млн түзгөн, ал эми Казакстан менен бул көрсөткүч – $193 млн. Кыргызстандын колбаса жана балык азыктары негизинен Орусияга жөнөтүлөт, ал эми сүт азыктары Казакстанга.