(Кыргыз) Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү завод: жыйынтыгы байкалбаган көп миллиондук долбоор

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

Көп жылдардан бери Бишкектин четинде күйүп жаткан таштанды полигону абаны ыштап, борбор калаанын тургундарын уулантып келет. Бул көйгөйдү чечиш үчүн Бишкек мэриясы таштандыны кайра иштетүүчү заводду кура турганын бир нече жолу убадалаган, бирок азыркы күнгө чейин бул долбоор ишке аша элек.

Учурда кайсы компания бул долбоор менен алектенип жатканын, деги канча фирма буга чейин бул заводду курганга аракет кылганын айтып беребиз.

Жылдын башында Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы Junxin Environment Protection кытай компаниясы борбор калаада таштандыларды өрттөөчү заводду кура турганын билдирген. 29-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусу менен капсула орнотуу аземи болуп өттү.

Бишкектин вице-мэри Жыргалбек Шамыралиевдин айтымында, завод 1,5-2 жылда курулуп бүтөт. Ишкананын баштапкы кубаттуулугу – суткасына 1 миң тонна, бул Бишкектин учурдагы муктаждыгы. Инвестициянын суммасы – $95 млн. Полигондогу курулуштун жалпы аянты 12 га түзөт. Завод электр энериясын өндүрөт, баштапкы кубаттуулугу – 16 МВт/саатына, ошондой эле жылуулук берет жана айрым курулуш материалдарын өндүрөт.

Junxin Environment Protection компаниясы тууралуу кандай маалыматтар бар?

ЖМКлар билдиргендей, Junxin Environment Protection үй тиричилигиндеги катуу калдыктарды кайра иштетүүгө адистешет. Компания 2011-жылы негизделип, башкы кеңсеси Кытайдын Хунань аймагында жайгашат. Беш жыл мурун компания улуттук жогорку технологиялуу ишкана катары таанылган.   

Уюмдун негизги продукциясы – электр энергиясы. Компания таштандыларды өрттөп электр энергиясын өндүрүү, калдыктарды жок кылуу, фильтратты (саркынды сууну) тазалоо, калдыктарды көмүү жана ошондой эле күлдү иштетүү жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтөт.

Былтыр Junxin Environment Protection менен Ош шаарынын мэриясы меморандумга кол коюп, компаниянын кытай шаары Чаншадагы үй тиричилигиндеги катуу калдыктарды кайра иштетүү боюнча тажрыйбасын түштүк борбордо колдонуу пландаштырылууда. Ошондой эле жылдын башында компания грант катары Бишкекке  таштанды ташуучу эки автоунааны берген.

Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын дайыны белгисиз €22 млн

2013-жылы Кыргызстандын өкмөтү менен Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы (ЕККӨБ) Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү жана сорттоочу заводду куруу долбоорун каржылоо боюнча келишимге кол коюшкан. Ага €22 млн бөлүнгөн, бул сумманын жарымы насыя түрүндө берилген. Каражаттын бир бөлүгү колдонулганы менен заводдон дайын жок.

2022-жылдын апрелинде Бишкектин прокуратурасы ЕККӨБ бөлгөн каражаттар боюнча төрт кылмыш ишин козгоп, Бишкектин санитардык полигонунун мурдагы директору Болот Асаналиевге издөө жарыялаган. Кийин Асаналиев кармалып, экс-мэрге жана анын кеңешчисине сырттан айып тагылган.

2023-жылдын мартына карата 22 миллион евронун 6 миллион евродон бир аз көбүрөөгү эле калган. ЕККӨБ мындан он жыл мурда бөлгөн каражаттын тагдыры азырынча белгисиз. Дагы кошумчалап кетүүчү жагдай, долбоордун кечиктирилишине байланыштуу Бишкек колдонулбаган каражаттар үчүн айып пул төлөп келет. Бул жылы анын суммасы 14 млн сомду түздү.

Мурдагы долбоорлор

2021-жылдын августунда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы Бишкек мэринин м.а. Айбек Жунушалиев, КР инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов жана Biotrend Energy түркиялык компаниянын президенти Илхан Доган меморандумга кол койгондору тууралуу билдирген. Анын алкагында кыргыз жана түркиялык тараптар «Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводду долбоорлоо жана куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашырышмак. Кийин бул долбоор тууралуу башка жаңылыктар ЖМКларда жарыяланбады.

2023-жылдын мартында Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров таштандыны кайра иштетүүчү заводду ReGreen s.r.o. чехиялык компания кура тургандыгын билдирген. Абдыкадыровдун айтымында, бул компаниянын таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду куруу боюнча чоң тажрыйбасы бар болгон. Компания заводду курууга $45 млн салмак жана бул каражаттар 15 жыл аралыгында өзүн актамак.

Ошондо эле ЖКнын депутатыт Дастан Бекешов чехиялык компаниядан шектенгенин билдирген. Парламентчи берген маалымат боюнча, ReeGreen s.r.o. компаниясы меморандумга кол коюудан бир жыл мурда гана катталган, ал эми уставдык капиталы болгону $450 түзгөн. Бекешов «жаңы эле» түзүлгөн компанияга ишенсе болобу деген суроо узаткан. Буга жооп катары компаниянын өкүлдөрү аларда жеке инвестициялар бар экенин жана алар дагы кошумча каражаттарды тарта тургандарын билдиришкен. Жылдын башында чех компаниясы караштырылган мөөнөттөрдөн кечиктиргендиги үчүн аны менен келишим жокко чыгарылгандыгы тууралуу белгилүү болду.

Ошентип, мэрияда таштандыны кайра иштетүү завод боюнча эки долбоор болгон. Аны менен катар, түркиялык компания менен долбоор эмне үчүн ишке ашпай калганы белгисиз бойдон калууда.

2023-жылдын 31-октябрында жаңы таштанды полигонунун ачылышы болду, бирок ал азыркыга чейин ишке бериле элек. Эски таштанды талаасы топурак менен көмүлгөн, бирок ал азыркыга чейин түтөп жатат.

Учурда таштандыны кайра иштетүүчү заводдор Каракол жана Балыкчы шаарларында, Ысык-Көл облусунун Саруу айылында жана Нарын облусунун Кум-Дөбө айылында жана да Талас, Баткен облустарында иштеп жатат. Бардыгы болуп Кыргызстанда алты мамлекеттик жана жеке менчик таштанды иштетүүчү завод бар.

Бишкек, Ош жана Жалал-Абад сыяктуу ири шаарларда таштанды иштетүүчү заводдор дагы эле курула элек.