(Кыргыз) Жапаров менен көл жээгинде эс алган адам шайлоо фондуна эң ири сумма которгон. Фактчек

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдүн жээгиндеги эс алуучулар менен түшкөн сүрөтү кызуу талкуу жаратты. Колдонуучулар президенттин эл менен катар эс алганын жана жөнөкөйлүгүн белгиледи.

Factcheck.kg Садыр Жапаров менен сүрөткө түшкөн эс алуучулардын социалдык тармактардагы аккаунттарын текшерип көрүп, алардын президенттик шайлоого катышы бар экенин аныктады.

Facebook социалдык тармагындагы тайпалардын биринде сүрөттөгү адам Нурбек Калмурзаев экенин жана ал шайлоодо Жапаровду колдогону тууралуу айтылган.

 Нурбек Калмурзаев деген ким?

БШКнын маалыматына ылайык, Калмурзаев Нурбек Жолборсбекович 2021-жылдын январь айында өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна дээрлик 6,6 млн сом которгон. Калмурзаев Жапаровго эң ири демөөрчү болгон.

Ал Кара-Суу районунда жайгашкан “Баястан” ресторанына ээлик кылат.

Kaktus.Media басылмасынын маалыматына ылайык, 2020-жылдын июль айында ресторан ээсине Тартип бузуу кодексинин “Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ички иштер башкармалыгы буга чейин аларга той өткөрүүгө тыюу салынганы тууралуу үч ирет эскерүү бергендигин, бирок тартип бузуу улангандыгын кабарлаган.

Калмурзаевдин профилин текшеребиз

Нурбек Калмурзаевдин социалдык тармактагы баракчасында анын Садыр Жапаровду колдогону тууралуу маалыматты көрө алабыз.

Мындан тышкары, ал Назиза Тениева аттуу колдонуучунун жубайы экенин белгилеген. Назиза Тентиеванын профилин текшерип, ал көл жээгинде президент менен түшкөн айым экенине ынанабыз.

 

Жыйынтык: Садыр Жапаров менен көл жээгинде Нурбек Калмурзаев аттуу ишкер жана анын жубайы Назиза Тентиева сүрөткө түшкөн. Нурбек Калмурзаев президенттик шайлоодо Жапаровдун эң ири демөөрчүсү болгон. Ал шайлоо фондуна – 6,6 млн сом которгон.