(Кыргыз) «Биз ЕАЭБге кирбейбиз». Шавкат Мирзиеев чынында эмне деген?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

21- январда «Вечерний Бишкек» басылмасында «Шавкат Мирзиёев ЕАЭБ курамына кирбей турганын айтты» деген аталышта макала жарык көрдү.  Макалада Олий Мажлис Сенатынын алгачкы жыйынындагы Мирзиеевдин ЕАЭБ тууралуу айткан пикири чагылдырылган.

Казахстандык tengrinews.kz басылмасы ошол эле тариздеги макала жарыялаган.

Ал эми россиялык   «КоммерсантЪ» ЖМКсынын Мирзиеев тууралуу макаласын жергиликтүү Knews агенттиги жазып чыккан.

«КоммерсантЪ»  агенттиги макалада Шавкат Мирзиеевдин сөзүнүн үч түрдүү вариантын келтирген. Алар ТАСС, Kun.uz жана УзА басылмаларынан алынган.

ТАСС ЖМКсынын айтымында, Мирзиеев мындай деген: «Саясий жактан алып караганда, биз эгемендүүлүгүбүздү эч кимге алдырбайбыз. Көз карандысыздыгыбыз эл ишеним көрсөткөн сиздердин жана президенттин колунда. Биз ал жакка [союзга] мүчө катары эмес, байкоочу катары кирдик. Бул бизге туура келеби же жокпу, изилдеп көрөбүз».

Ал эми Kun.uz өзбек басылмасы Мирзиеевдин сөзүн мындайча берген: «Бир нерсени билип алыңыздар. Эгемендүүлүгүбүздү эч ким эч качан алдырбайт. Ал эл ишеним көрсөткөн президенттин колунда. Биз бул союздун мүчөсү болбойбуз».

Ошол эле макаланын өзбекче вариантында: «Байкоочу — бул мүчө эмес. Ал көрүүчү сыяктуу. Байкоочу катары биз үчүн [союздун] оң жана терс жактарын изилдеп көрөбүз».

УзА мамлекеттик агенттигинине да шилтеме көрсөткөн «Коммерсантъ» мындай деп жазган: Шавкат Мирзиёевдин Сенаттагы сүйлөгөн сөзүнүн толук вариантында мындай билдирүү жок. Ал «интеграция», «Россия», «Казахстан», «эгемендүүлүк» деген сөздөрдү дегеле айткан эмес.

«Ошол эле учурда УзА агенттиги Мирзиеевдин толук сүйлөгөн сөзүн 21-январда чыгарган. Ал эми ТАСС жана Kun.uz басылмалары макаласын мындан бир күн мурда, 20-январда кечки саат тогуздарда жарыялаган.

Чынында Мирзиеев ЕАЭБ тууралуу эмне деп айткан? Factcheck.kg текшерип көрдү.

Алгач Өзбекстан президентинин расмий сайтына көз чаптырып, 20-январдагы Сенат жыйыныны тууралуу бир нече макала жарык көргөнүн аныктайбыз.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/f6d0d7b483d98e4781a4ec7d6433a849f6a5fa3f.png?resize=640%2C511&ssl=1

 

Президенттин басма сөз кызматы анын сүйлөгөн сөзүн жарыялаган, бирок, анда ЕАЭБ тууралуу кеп тапкан жокпуз.

Мирзиеевдин сөзүнүн толугураак текстин gazeta.uz басылмасы өзбек жана орус тилдеринде чыгарган. Макаланын аталышы төмөнкүдөй: «Интеграциялык бирикмеге кирүү — көз карандысыздыкты жоготуу эмес».

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/8ab2364bc0dafbbb53e6709160012186cfff5f37.png?resize=640%2C830&ssl=1

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/e55cf7457c6174b1b12e17bda4fb191749bce8ec.png?resize=640%2C617&ssl=1

«Эң негизгиси, интеграция олуттуу реформаларыбызга тоскоол болбошу керек — көптөгөн биздин мекендештерибиз коңшу Казакстан жана Россияда эмгектенет. Биз алар менен кандай ымалада болуубуз керек? Канча деген мекендешибиз ал жакта иштеп жүрсө, бул өлкөлөрдү кантип көңүлгө албай кое алабыз? Айрымдарга мындай көрүнүш жакпашы мүмкүн, бирок бул туура эмес», — деп, аталган басылма президенттин сөзүнө шилтеме келтирген.

«Саясий жактан алып караганда, биз эгемендүүлүгүбүздү эч кимге алдырбайбыз. Көз карандысыздыгыбыз эл ишеним көрсөткөн сиздердин жана президенттин колунда. Биз ал жакка [союзга] мүчө катары эмес, байкоочу катары кирдик. Бул бизге туура келеби же жокпу, изилдеп көрөбүз».

«Биз жалпы жонунан 2 млрд долларлык жашылча-жемиштерди иштеп чыгуучу чоң иш баштадык.  Акыркы 30 жылда биз экспорттогон бир да продукт стандартка жооп берген эмес. Биз Европа менен бирге GSP+ стандартынын үстүнө иш алып баруудабыз.  Бирок бир нерсени билип алсаңыздар: ошончо өлчөмдөгү продукцияны кай жакка алып барабыз? Бизди ким тосуп алат? Ким? Албетте, Европага 3-4-5 долларга кымбатыраак сатсак болот. Бирок, продукцияны стандартка дал келтирүү үчүн жерди туздан, пестициддерден тазалоо керек… Жер, суу ууланган».

«Эгемендүүлүгүбүздү алдырып жиберебиз деген курулай сөз.  Биринчиден, элибиз бар… Бирөөнүн сөзү менен эле көз карандысыздыкты алдырбайбыз. Биз бутубузга туруубуз керек. Байкоочу деген мүчө эмес, ал биз үчүн бирикменин оң жана терс жактарын изилдөөчү көрүүчү», — деп бидирген gazeta.uz.

Жыйынтык:

Шавкат Мирзиеев Өзбекстан ЕАЭБге мүчө болбойт деп так кесе айткан эмес.

Ал өз сөзүндө бирикмеге алгач байкоочу катары  кирерин билдирген.