(Кыргыз) Эти стулда: Батышка каршы чыккан депутаттар АКШ жана Канада парламенттери менен достук топторуна киришти
Жогорку Кеңеште чет мамлекеттердин парламенттери менен кызматташуу боюнча 32 депутаттык достук топ бар. Аргентина, Бразилия жана башка түштүк америкалык мамлекеттер менен депутаттык достук топто азырынча эч ким жок болсо, АКШ жана Канада менен достук тобуна депутаттырдын көпчүлүгү кирген – 62 адам (депутаттардын жалпы санынан 69%). Ошол эле кезде алардын айрымдары Орусия жана Белорусь менен достук топторунда да мүчө.
Белгилей кетсек, бул топтор эки тараптуу мамилелерди чыңдоо максатында түзүлгөн. Депутаттар кызматташуу өлкөлөрүнө иш сапарлары менен бара алышат же чет мамлекеттик парламентарийлерди Кыргызстанга чакыра алышат.
Factcheck.kg редакциясы АКШ жана Канада менен дос болгусу келген депутаттар Батыштын таасири тууралуу айткандарын эстеп, алардын сөздөрүн талдап чыкты.
Бейөкмөт, коммерциялык эмес уюмдарга жана долларга каршы
АКШдагы жана Канадагы кесиптештери менен достошкон парламентарийлердин 18и жок дегенде бир жолу батыштын таасири тууралуу сөз кылышкан, же орусиячыл маанайдагы мыйзам долбоорлорун демилгелешкен.
Батыштын Кыргызстанга таасири тууралуу баарынан көп сөз кылган депутат Надира Нарматова. Ал саясат менен алектенген коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүүнү жана чет мамлекеттик агенттер тууралуу мыйзамды кабыл алуунун сунуштаган.
Анын айтымында, бешинчи чакырылыштын депутаттары мыйзам долбоорун экинчи окутууда кабыл алышкан, бирок процедураны аягына чейин чыгара албай калышкан.
“Бул мыйзамды кайра көтөрүп чыгып, аны комитетте экинчи окутууда караштыруу үчүн протоколдук тапшырма берүүңүздү өтүнөм. Өлкөдөгү тынчылык үчүн күйгөндөр бар болсо бул документти иштеп чыгууга катыша алышат. Биз аларга чет мамлекеттик агент деген статусту бермейинче, республикабызда тынчылык болбойт. Чет мамлекеттен каржыланган бир нече НПО бийликти тынч иштетпей, өзүлөрү бийликке келүүнү эңсеп келишет”, – деген Надира Нарматова.
Ошондой эле Нарматова Батыштан каржыланган бейөкмөт уюмдар улуттук идеологияны талкалап жатышат, ал эми партнердук төрөт – “америкалык ыкма”, анын айынан кесарево жолу менен төрөттөрдүн саны өсүп кетти деп билдирген.
Шайлообек Атазов иноагенттер жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алууга чакырган. Анын айтымында, өлкөдө мамлекеттик идеологияга, улуттук нарк-насилге, каада-салттка зыян келтирген уюмдар бар.
“Алар өлкөдөгү туруктуулукка терс таасир тийгизип жатышат, ал эмес өлкөбүзгө кол салуу болгон учурда кол салган тарапка тарткан макалаларды жарыялап келишет. Бул ишке чекит коюп, улуттук баалуулуктарыбызга коркунуч жараткандарды токтотушубуз керек”, – деп билдирген Атазов.
Андан сырткары ал “каада-салттарга таасир тийгизип, мамлекеттик сырларды чогултуп, аянтты булгап жатышат” деп билдирип, коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдарды текшерүү керек деген оюн айткан.
Айсара Абдибаева доллардан баш тартууга чакырган. Анын айтымында, Кыргызстан бул чет элдик валютага көз каранды болуп калган:
“Биздин бүт жашообуз ага (долларга, – ред. түш.) байланышып калган. Калкыбыздын 80-90% насыяга жашап келет. Насыяны доллар менен бергенге тыюу салган Улуттук банктын чечими да бар. Бирок ага карабай, коммерциялык банктар насыяларды доллар менен берип келет”, – деп билдирген депутат.
Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев бейөкмөт уюмдар жаштарды туура эмес жолго салып жатышат деген пикирин айткан.
“Бейөкмөт уюмдар жаштарыбызды каякка ээрчитип баратышат? Кайсы акчага? Өзүңөр көрүп тургандай, келегечегибизге коркунуч жаралды. Сөз трансгендерлер тууралуу, тилекке каршы, тенденция күчөп жатат. Биз бул көрүнүш менен күрөшүшүбүз керек, кабмин бул багытта иштерди алып барышы керек. Чынында, бул өтө олуттуу маселе”, – деп билдирген Нурланбек Шакиев.
Депутат Улан Примов Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири. Документке ылайык, бекер берилген каражаттардын негизинде иш алып барган коммерциялык эмес уюмдар каржы булактары жана алардын колдонулушу тууралуу маалыматтарды жылына берип турушу керек.
Орусиячыл мыйзам долбоорлорду демилгелешкен депутаттар
АКШ менен Канаданын төмөнкү “депутат-достору” стратегиялык пландаштыруу жөнүндө орусиялык мыйзам долбоорду көчүрүп алышкан: Нуржигит Кадырбеков, Винера Раимбачаева, Динара Ашимова, Нурланбек Шакиев, Данияр Төлөгөнов, Миргүл Темирбаева, Арсланбек Малиев, Жалолидин Нурбаев, Чынгыз Ажибаев, Айгүл Айдарова, Нилуфар Алимжанова, Айсара Абдибаева, Руслан Жакышов.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов белгилегендей, мыйзам долбоору 99%га орусиялык мыйзамга окшош жана “орусиялык мыйзам” Кыргызстанга туура келбейт.
“Биздин экономика мобилдүүрөк. Башка жолдор керек. Бар нормаларды колдонууну сунуштайбыз”, – деп билдирген ал.
Жыл сайын депутаттык достук топтордун жетекчилери жасалган иштер боюнча отчетторду берип турушу керек, бирок ачык булактардан бир дагы ушундай документти таба албадык. Factcheck.kg редакциясы батыш мамлекеттер менен депутаттык достук топтордун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына көңүл буруп турат.