(Кыргыз) Кумтөрдө алтындын запасы калган жок деген маалымат жалган

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

10- октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында премьер-министр Садыр Жапаров Кумтөрдү улутташтыруу демилгесинен баш тартканын айтты. 

Депутат Талант Мамытов Садыр Жапаровдун 2012-жылы көтөргөн демилгесин эскертип өткөндө, Жапаров Кумтөрдү толугу менен мамлекетке өткөрүүгө багытталган долбоордон баш тартканын 2017-жылы Супер-инфого берген маегинде айтканын билдирген. Анын себебин Кумтөрдө алтын калбагандыгы менен түшүндүрдү.

 «Кумтөр боюнча маалыматты жеткирүү максатында митинг уюштурганда башаламандык болуп кетип, Камчыбек Ташиев, сиз жана мен болуп, камакка түшкөнбүз. 9 айдан соң акталганбыз. Андан кийин чет өлкөгө чыгып кетип, 2017-жылы кайра камакка алындым.  Ошол жылы адвокатым аркылуу Супер-инфо гезитине интервью берип, Кумтөрдү 8 жыл мурда алсак болмок. Эми алтын калбай калды деп позициямды билдиргем.  Азыр Күмтөрдө алтындын запасы калган жок. Эми «Центерра» аягына чейин иштетип, тоолорду калыбына келтириши керек», — деди ал.

Жапаров борбордук карьерде алтын түгөндүктөн, мурдагы өкмөт башчы Абылгазиев кошумча 16 миң гектар жер бөлүп бергенин айтты:

«Мен коомчулукка жеткирип коеюн. Бийликке келип, позициясын өзгөрттү дебесин. Бул демилгеден 2 жыл мурда эле баш тарткам».

Factcheck.kg Садыр Жапаровдун төмөнкү сөздөрүн текшерип көрүүнү чечти:

  •  “Супер-Инфого” берген маегин;
  • Кумтөрдөгү алтындын запасын;
  • “Центеррага” кошумча 16 миң гектар жер берген учурдагы борбордук карьердеги алтындын запасын.

“Супер-Инфо” гезитинин сайтында Садыр Жапаровдун маеги 2018-жылы  эмес,  2017-жылы жарыяланган.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы  Эмил Осмонбетовдун айтымында, 2019-жылдын башында Кумтөрдөгү алтындын запасы 104,3 тоннадан ашып, 5,1 млрд долларды түзгөн. Салыштыра кетсек, Финансы министрлигинин маалыматына ылайык,  2020-жылдын 31-июлунда тышкы карыз 4,8 млрд доллар.

Centerragold сайтында 100 тонналык алтындын запасы, 195,4 тонналык жалпы ресурс тууралуу маалымат бар. Мындан тышкары, ачык карьер жана жер астындагы тоо-кен иштери 139,3  тоннаны түзөт.


 

Эмиль Осмонбетов алтындын запастары тууралуу маалыматты мурдагы өкмөт 16 миң гектар жерди бөлүп берүү боюнча келишимге кол коюла электе, 2019-жылдын 1-январына карата берген.

Жыйынтык: Жалган. 2019-жылы бөлүнгөн кошумча 16 миң гектар жерди эске албаганда, Кумтөрдө дагы деле болсо бир топ алтындын запасы бар.