(Кыргыз) Кулпунайдагы курт-кумурскалар: бул коркунучтуубу, тынчсызданыш керекпи?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Кулпунайды сода кошулган сууда жууганда андан курт-кумурскалар чыгып жаткан видео коомдук тармактарда таратылып жатат. Factcheck.kg’нин редакциясы анын аныктыгын текшерип чыкты.

Кулпунайда кандай курт-кумурскалар болушу мүмкүн?

Кулпуйда жана башка дагы мөмө-жемиштерде аны менен азыктанган бир топ курт-кумурскаларды тапса болот дейт АКШнын Айыл чарба министрлигинин Тамак-аш жана айыл чарба улуттук институту. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:

  • Трипстер – канатуу кичинекей курт-кумурскалар.
  • Шиштумшуктар – коңуздардын эң чоң түркүмдөрүнүн бири, личинкаларынын өлчөмү түрүнө жараша ар кандай болушу мүмкүн, бирок алардын узундугу адатта 20 ммден ашпайт.
  • Ак канаттар – кичинекей ак коңуздар.
  • Өсүмдүк митеси – денеси жумшак курт-кумурска, өсүмдүктүн, анын ичинде мөмө-жемиштин ширесин соруп жан сактоочу зыянкеч.
  • Үкүкөпөлөктөрдүн личинка-курттары.
  • Lygus канталалардын жумурткалары 1.23 мм өлчөмүндө, күрөң, жашыл же сары түстө.
  • Кенелер – өтө кичинекей жөргөмүш сымалдар.
  • Урукчул канталалар – күрөң, узун муруттуу, алты буттуу канталалар.
  • Мөмөчүл майда дрозофил-чымындардын личинкалары – чымындардын кулпунайдагы жумурткасынан ак же ачык сары кызгылт түстөгү курттар чыгат. Личинкалар кулпунай менен тамактанышат.

Жогоруда айтылган видеодогу кадрларда так ошол кулпунайдагы чымындардын личинкалары болушу ыктымал. Ушуга окшош личинкалар алаканаттуу дрозофилдерге (жемиш майда чымындарынын түрү) таандык. Алар Түштүк-Чыгыш Азияда катталган, дүйнө жүзүндө кеңири таркаган. Алар 20-30°С температураны жактырышат.

Чымындын личинкалары жемиштин өзү менен азыктанат. Башында алардын өлчөмү кичинекей, бирок кийин бир топ болуп чоңоюшат. Эгер кулпунайды чымындар жумурткалагандан кийин чогултса, аны муздаткычта сактаган күндө да личинкалар өсө берет. Кээде личинкалар кадимки өлчөмүнө 3.2 ммге чейин өсөт. Личинкалар маалына жеткенде жемишти таштап кетишет.

Чымындын личинкалары кандай зыян алып келиши мүмкүн?

Чымындын личинкалары бар кулпунайды жегенде анын адамга зыяндуулугу тууралуу изилдөөлөрдү таба албадык. Бирок энтомолог, Корнелль университетинин профессору Грег Лебдин айтымында, чымындын личинкалары адамдын ден соолугуна зыян алып келбейт.

«Мөмө-жемиштерде организмдер бар, бул адамдарга дискомфорт алып келгени менен, адамгы зыян тийгизе албайт. Курт-кумурсканы жеп алсаң ооруп калбайсың. Бул курт-кумурскалардын көбү жемиштердин сыртында болушат, алар кулпунайда да бар», – дейт ал.

Кулпунайды жана майда мөмө-жемиштерди изилдеген энтомолог, философиянын доктору, Флорида университетинин доценти Шриянка Лахири да ушундай пикирде.

«Мөмө-жемиштер менен кошо бир нече личинкаларды жеп алганда адамдын ден соолугу начарлап кеткендигине эч кандай далилдер жок – адамдар кылымдап ушинтип эле жеп жүрүшкөн болушу керек», – дейт Лахири.

Буга кошумча, агроөнөржай тармагы пайдалуу микроорганизмдерди сактоо менен мөмө-жемиштерди зыянкечтерден арылтуу иштерин жүргүзүп турарын эскерткибиз келет.

Кулпунайды кантип жууш керек?

Паразиттерден кутулуш үчүн кулпунайды муздак суу менен 1 мүнөт жууш керек, мындайда паразиттердин 80%нан арылса болот.

Ошондой эле Норвегиянын Айлана-чөйрө жана жашоо жөнүндө илим университетинин изилдөөсү боюнча, уксус кошулган суу менен жууганда мөмө-жемиштердеги зыянакечтерден 80% учурда арылса болот.

Тыянак: чындык. Чынында эле кулпунайда, ошондой эле бардык мөмө-жемиштерде курт-кумурскалардын жумурткалары жана личинкалары болушу мүмкүн, бирок аларды жеп алган учурда да адамдын ден соолугуна зыян алып келбейт.