(Кыргыз) Адамга айбат көрсөткөн белгисиз жандык

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

WhatsApp тиркемесинде таң калычтуу жаныбардын бадалдын арасынан чыгып, алгач жашынууга аракет кылып, адан соң, күтүлбөгөн жерден бурулуп, арткы буттарында туруп, алдыңкы буттарын кеңири жайганы тартылган тасма тараган. 


Айрым колдонуучулар белгисиз жандык багынып берди десе, башкалары, тескеринче, аны тартып аткан адамга айбат көрсөттү деп божомолдогон.

Factcheck.kg редакциясы объективге түшкөн жандык тууралуу маалымат издеди. 

 

Тасмадан бир кадр алып, издөө салсак, дүйнө жүзүндө бул жаныбардын турган турпатын сүрөткө/видеого тартып алгандар көп болгонун аныктадык. Көрсө, бул тамандуа аттуу жаныбар экен. Анын терисинин өңүнөн улам, түндүк же мексикалык тамандуа экенин аныктайбыз

Мичиган университетиндеги Зоология музейинин сайтынын маалыматына ылайык, бул жандык Түндүк жана Түштүк Америкада кенен жайылган. Бул тууралуу inaturalist  сайты да жазган.

 

Ачык булактардагы маалыматка ылайык, төрт манжалуу тамандуа коркунуч сезгенде, чоңураак жана агрессивдүү болуп көрүнүшү үчүн тасмада тартылган позаны карманат экен. 

Алардын бекем алакандары жана узун тырмактары душмандардан коргонууга жардам берет. Тамандуанын көзү жана кулагы начар иштегени менен, адамдарга коркунуч жаратышы ыктымал.  

Биз бул жандыкты аныктаган соң, тасманын таржымалын териштирдик. 

Интернеттен издөө салып, бул тууралуу бир нече сайттар, алардын ичинен 2020-жылдын 7-октябрында DailyMail сайты кабарлаганын аныктадык. Анда 2-октябрь күнү бразилиялык Ипуэйрас аймагында өрт өчүрүүчүлөр тайпасы токойдогу өрт менен алышып атып, бадалдардан чуркап чыккан тамандуаны көрүп калганы маалымдалат. Дал ошол кезде өрт өчүрүүчүлөрдүн бири аны тасмага тартып алган.  Андан соң, жандык коопсуз жерге жеткирилген. 

Биз ошол өрт өчүрүүчү топтун сайтын жана  Instagram баракчасын (Bombeiros Militares da 2cia/3BBM-Ipueira) таап, андагы жарыяланган тасмаларга да көз чаптырдык. Алардын биринде жандык коопсуз жайга жеткирилип, эркиндикке кое берилгенин көрсө болот.

Жандыкты аман сактап калганы үчүн өрт өчүрүүчүлөргө жаш балдар ыраазычылык билдирген:

Жыйынтык: Тасмада төрт манжалуу  тамандуанын өрт учурунда бадалдан чуркап чыгып, оттон качып баратканы тартылган. Окуя Бразилияда 2-октябда болуп өткөн. Өрт өчүрүүчүлөр жандыкты куткарып, коопсуз жерге алып чыгышкан.