(Кыргыз) Белгисиз учуучу объект тартылган тасма — фейк

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

10-октябрда Turmush.kg сайтында белгисиз учуучу объект тартылган видеотасма жарыяланган. Ал Караколдогу Абдрахманов көчөсүнөн тартылган деп белгиленет. Белгисиз объект  бир нече мүнөттөн соң көздөн кайым болуп, буга күбө болгон жергиликтүү калк аны эмне экенин түшүнө албай турганы айтылган.

 

Factcheck.kg бул видеону текшерип көрдү.

Тасмадан үзүндү алып, анын скриншоту аркылуу издөө салсак, жыйынтыгы оңунан чыккан жок.  Видео 10-октябрда 16.19 да BulBul.kg сайтына жүктөлгөн.

Скриншотту чоңойтсок, белгисиз объект тартылган жер сүрөттө даана обочолонуп турганын байкайбыз.

 

Каталардын деңгээлине (Error Level Analysis)  саресеп салсак, объект тартылган жер turmush деген логотип сыяктуу башка фондон айырмаланарын көрөбүз.

Дагы бир белгилей кетчү нерсе — тасмадагы элдин жүрүм-туруму. Алар шаардагы асман каптаган белгисиз учуучу объектке эч кандай көңүл бурбаганы байкалат. Мындан тышкары, жергиликтүү тургундардын таң калычтуу көрүнүш тууралуу бир да сүрөт же видео менен социалдык тармактарда бөлүшпөгөндүгү.

Мындан беш жыл мурда дал ушундай эле тариздеги тасма Казакстандын бир нечке шаарында тартылды деп айтылып, тараганын эске сала кетели.

Жыйынтык. Видеофейк. Скриншоттордун анализи тасма жасалма экенинен кабар берди. Мындан тышкары, асман каптаган учуучу объекттин күбөлөрү да табылган жок.