(Кыргыз) Жаңы Энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев жана анын бакиев заманындагы иштери

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Кыргызстанда акыркы жумада көп кадр алмашуулар болууда. Энергетика министри да алмашты. Анын милдетин убактылуу аткаруучу болуп орун басары Таалайбек Ибраев дайындалды. Ал бул кызмат орунга негизги талапкер катары каралууда.

2010-жылы КР Башкы прокуратурасы Таалайбек Ибраевди КР экс-президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин командасында энергетика маселелерин тейлеген Алексей Ширшовдун кишиси деп күнөөлөгөн. Бирок ага карабай ал акыркы он жылда Жогорку Кеңештин депутаты болгонго да, Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын директору болуп иштегенге да жетишти.

Factcheck.kg Энергетика министринин милдетин аткаруучунун өмүр баянынан кызыктуу фактыларды тапты.

2010-жылдын августунда Башкы прокуратура “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААК (КУЭТ) жаңы трансформаторлордун ордуна колдонулган эскилерин кымбат баада сатып алганын билдирген.

Текшерүү аныктагандай, ААКтын жетекчилери – гендиректордун орун басары Т.О.Ибраев (Таалайбек Омукеевич Ибраев, ред. түш.) жана коммерциялык директору А.В.Чапаев тендердик комиссиялардын мүчөлөрү менен өз ара сүйлөшүп алышкан.

Трансформаторлорду КУЭТге “Эржигит жана Ко”, “АвтоЗапчастьМеханизмы” жана “Эйдоф” деген компаниялар сатканын, бул компаниялар атайы ушул сатууларды жүргүзүш үчүн гана ачылганын жана алар бир жылдан кийин эч кандай ишмердүүлүк кылбай туруп “жабылганын” Башкы прокуратура билдирген.

Үч гана колдонууда болгон трансформаторду сатып алуудан 108,25 млн сом өлчөмүндөгү чыгым келтирилген.

Төрт берене боюнча кылмыш иши козголгон болчу: “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу”, “Ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу”, “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы”, “Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”. Ушуга окшош мыйзам бузуулар республиканын электр тармагынын дээрлик баардык жерлеринде байкалган.

Белгилей кетсек, Ибраев 2001-2005-жылдар аралыгында инженерден “Түндүк электро” ААКтын электр энергиясын сатуу кызматынын жетекчисинин орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн (Энергетика министрлигинин сайтында аткаминердин өмүр баяны болбогондуктан, аны башка булактардан издөөгө туура келди).

Бакиев бийликке келген 2005-жылы ал “Түндүк электронун” коммерциялык директору болуп дайындалып, бул кызмат орунда үч жыл иштеген. 2008-жылы ал КУЭТтин гендиректорунун орун басары болуп дайындалган. Так ушул жылдары жогоруда айтылган трансформаторлор сатып алынган.

Козголгон кылмыш иши ага кийин Жогорку Кеңештин отун-энергетика комплекси боюнча комитетинде экспорт болуп иштегенге, ал эми 2011-жылы кайра КУЭТтин гендиректорунун орун басары болуп дайындалганга жолтоо боло алган эмес.

2015-жылы ал депутат болот, ал эми 2016-жылдан тарта 2020-жылга чейин Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын директору болуп иштеген (редакция өзгөчө кырдаалга байланыштуу Бишкекте комендатураны түзүү тууралуу 2020-жылдын май айындагы буйрукту таба алды, анда Ибраев директор катары көрсөтүлгөн). Бирок 2021-жылдагы ЖМКлардын жаңылыктарында ал Энергетика министринин орун басары катары тааныштырылат (1, 2).

Тыянак: учурда Энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Таалайбек Ибраевге төрт берене боюнча кылмыш иши козголгон болчу. 2010-жылы Башкы прокуратура аны Алексей Ширшовдун кишиси экенин билдирген.