(Кыргыз) Жер жүзүндө эң көп жашаган жаныбар табылдыбы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Түндүк муз океанында дээрлик 400 жыл жашаган акула табылды. Мындай маалымат жакында ВКонакте социалдык тармагында пайда болду. 

 Factcheck.kg окуянын чоо-жайын териштирди. 

Tineye сервиси аркылуу маалыматта берилген сүрөттүн алгачкы булагын издеп көрөбүз. Жыйынтыгында бир нече сайтка шилтеме пайда болду. Бирок, алардын айрымында акуланын жаш курагы 272 деп көрсөтүлсө, башкасында 512 деп айтылат. 

Шилтеменин биринен сүрөттүн авторун аныктадык.

Julius ???? атуу колдонуучунун Инстаграмдагы аккаунтуна баш багып, анын натуралист жана саякатчы экенин аныктадык. Ал 2017-жылдын 17-майында биз текшерүүгө алган сүрөттү, ал эми 2020-жылдын 11-сентябрында акула тууралуу тасманы жүктөгөн. Тасманын мүнөздөмөсүндө бул гренландиялык акула деп жазылган.

Эбегейсиз чоң жандык 2017-жылы кармалган. Анын узундугу 4,4 метр. Ага спутник датчиктери орнотулуп, кайрадан эркиндикке кое берилген. Колдонуучулар акуланын сүрөтүнө анын жаш курагы 400, 500дө деп комментарий калтырган. Бирок фотограф акула 150 жашта деп божомолдогон.   

2016-жылы Science журналы гренландиялык акуланы изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат жарыялаган. Бул жандыктын узундугу 502 сантиметрди түзгөндүктөн, аны эң кары жаныбар катары кабыл алышып, жаш курагы 120 дан 392ге чейин деп божомолдошкон

Автордун айтымында сүрөттөгү акуланын узундугу 440 сантиметр. Демек, анын жаш курагы 392ден кем.

Эске салсак, буга чейин Factcheсk.kg акула тууралуу маалымат текшерген. Изилдөөлөргө ылайык, 1970-жылдан тарта акула жана скаттардын саны Дүйнөлүк океанда 71%га азайган. Буткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун маалыматына ылайык, жылына 67ден 273 миллионго чейин акулалар жок кылынат. 

Жыйынтык: далилденген жок. Окумуштуулар акуланын жаш курагы тууралуу так маалымат бере алган эмес. Сүрөттөгү акуланын жаш курагы сүрөттө айтылгандан  кыйла аз болушу толук ыктымал.