(Кыргыз) Этият болгула! Шылуундар жана Telegram Premium’га жазылууга «белектер»

Бүгүнкү күндө жазылуулар жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп калды – музыкага, киного, фитнеске, коопсуздук тиркемелерине жана жада калса мессенжерлерге жазылабыз. Популярдуу жазылуулардын бири – Telegram Premium, ал тиркеменин функционалдуулугун жогорулатып, кеңейтелиген функцияларды колдонууга мүмкүндүк берет. Бирок, анын популярдуулугу киберкылмышкерлерди да өзүнө тартат – алар колдонуучуларды алдоо үчүн белекке берилген жазылуу мүмкүндүгүн жигердүү колдонуп келишет.
Шылуундар кандай иштээрин, кандай схемаларды колдонорун жана алардын курмандыгы болбош үчүн эмне кылуу керек экенин айтып беребиз.
Telegram’га жазылууга «белекти» кантип беришет
Эң көп колдонулган жолдордун бири – Telegram’дагы сиздин контактыларыңыздын биринен (же өзүн сиздин таанышыңыз деп эсептеткиси келген бирөөнөн) келген билдирүүдөн башталат. Текстте сизге белек жөнөтүлгөнү айтылат – Telegram Premium’га бир жылга жазылуу (башка мөөнөт да көрсөтүлүшү мүмкүн, бирок шылуундар адатынча колдонуучулардын көбүн кызыктырган бир жылдык жазылууну колдонушат).
Билдирүүнүн астында бир караганда шек жаратпаган шилтеме болот. Бирок, бул шилтеме чындыгында фишинг сайтка алып барат.
Фишинг баракча Telegram’га браузерде кирүүнүн стандарттуу формасы катары жасалган. Колдонуучу аккаунтунун маалыматтарын киргизри менен алар шылуундардын колуна түшүп калат. Натыйжада, киберкылмышкер колдонуучунун аккаунтуна кирүүгө мүмкүнчүлүк алат, ал эми колдонуучу өз барагын башкара албай калат. Ишенимди жогорулатыш үчүн жана жабырлануучу көйгөйдү дароо байкабашы үчүн сайтта көп учурда жазылуу «ийгиликтүү» өткөнү жана ал 24 саат ичинде активдештириле тургандыгы тууралуу билдирүү пайда болуп, 24 сааттык таймер көрсөтүлө баштайт.
Шылуундардын башка схемалары
- Калп белектерди ойнотуулар – киберкылмышкерлер Telegram Premium’га жазылуунун ойнотулушуна катышууну сунушташат. Бардык катышуучулар «жеңүүчү» болуп чыга келет, аларга активдештирүү үчүн фишинг сайтка шилтемелер берилет. Маалыматтар киргизилери менен колдонуучу аккаунтунан кол жууйт.
- Жакшыртылган (модификацияланган) колдонмолор – шылуундар убадаланган премиум-жазылуусу бар талкаланган Telegram’дын файлдарын жиберишет. Мындай колдонмолорго адатынча маалыматтарды уурдай алган эле же башка зыян алып келе алган зыянкеч программалык камсыздоолор орнотулган болот.
- Эл аралык деңгээлге чыгуу – шылуундук эл аралык деңгээлде жүргүзулөт, киберкылмышкерлер схемаларын ар бир тилге жана аймакка ыңгайлаштырып турушат.
Кантип коргонсо болот
Алданып калбаш үчүн төмөнкү кеңештерди аткаргыла:
- Белектерди текшергиле – белекти жиберген адам менен байланышуунун башка каналдарын колдонуп байланышкыла: чалгыла, башка мессенжерде жазгыла, же жолукканда тактап алгыла.
- Расмий каналды колдонгула – ишенимдүү булактардан гана жазылууну сатып алгыла, мисалы Telegram Premium ботто.
- Эки факторлуу аутентификацияны иштеткиле – бул фишинг сайтта логиниңер менен сырсөзүңөрдү киргизип алган учурда да силердин аккаунтунарды сактап калганга жардам берет.
- Шашпагыла – шаштырып жатышса да шашпагыла, ойлонуп иш кылгыла. Таймерлер жана чукул аракеттерди талап кылуу – бул шылуундардын басым көрсөтүү аракеттери болуп саналат.
- Расмий гана колдонмолорду жүктөп колдонгула – башкалар жакшыртылган деп сунуштаган Telegram колдонмолорду колдонбогула, аларда вирустар болушу ыктымал.
Тыянак: белек катары сунушталган Telegram Premium’га бир жылга жазылуу сиздин аккаунтуңузду уурдоо максатындагы фейк, алдамчылык операциясы болушу толук ыктымал. Маалыматтарыңыздын коопсуздугуна көңүл буруңуз, сак болуңуз жана шылуундардын айла-амалдарына алданбаңыз.