(Кыргыз) МЕДИАСЫН: коомдук телеканалдын окурманды адаштырган баштемасы

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

3-ноябрда КТРК сайтында “Коронавируска чалдыккан бейтаптарга ооруканаларда орун жетишпейт” деген баштема менен макала жарыяланды.

 

“Коронавируска чалдыккандарга ооруканаларда орун дагы, медиктер дагы жетишпейт. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнө кычкылтек керек. Бирок кычкылтек дагы туруктуу жеткирилбейт… Айрым учурда бейтаптар бош орун үчүн унаада бир нече саат күтүүгө мажбур”, – деп айтылат макалада. 

Бирок окуя Кыргызстанда эмес, Россияда болгонун окурман үчүнчү абзацка келгенде гана биле алат. Бул жаңылык социалдык тармактарда да жарыяланган.

 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында өлкө эпидемиянын төртүнчү толкунун алдында турат. Андыктан, коомдук башкы телеканалдын макаланы ушундай таризде чагылдырышы этикага туура келбейт. Акыркы изилдөөгө ылайык, социалдык тармактардын колдонуучуларынын жарымынан көбү жаңылыкка 15 секунда гана убакыт бөлөт. Бул убакыт окурмандын макаланын баштемасын жана айрым учурда биринчи абзацын окуганга гана жетет. Андыктан макаланын баштемасында же алгачкы абзацында окуя Кыргызстанда эмес, Россияда экени такталбай калганы окурманды адаштырып, дүрбөлөңгө салат.

Эске салсак, КТРК буга чейин дагы “Коронавирустан өлүм көбөйдү: ритуалдык кызмат көрсөткөндөр жетишпей калды” деген баштема менен макала жарыялап, окуя Кыргызстанда эмес, Россияда болгонун дароо тактаган эмес.

Жыйынтык: 

Макаланы даярдоодо журналистиканын негизги “зыян келтирбе” принцибинин бузулушуна жол берилген.

Манипуляциянын “жартылай чындык” жана “дезинформация” аттуу ыкмалары колдонулган.

Жартылай чындык ыкмасы (полуправда)-  бир нече билдирүүнүн ичинен айрымы чын, ал эми башкасы жалган. Булак – Коул, 1998, 210-312 бб.

Дезинформация — окурмандарга толук эмес, контексттен алынган жана бурмаланган маалыматты берүү.  Булак- Коул, 1998, 210-312б.

Мындан тышкары, Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 9-беренеси бузулган: 

“Тартылган сүрөттөрдү жана аларга коюлган колдорду, тексттерди, баштемаларын (заголовков) редакциялоодо материалдарды бурмалоого, маанисин өзгөртүүгө жана кыскартууга жол берилбейт. Материалдын тексти, интершоокумдар, маектер анын видеоирээтине шайкеш келиши кажет.