(Кыргыз) “Жоопкерчиликтүү кызматта турам, четтегенге болбойт” – Ташиевдин билдирүүсүн текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

21-июнда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев “Азаттык” үналгысынын кабарчысынын суроолоруна жооп берди. «Айыл Банк» ААК башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин УКМКнын СИЗОсунда каза болгондугуна байланыштуу Ташиевдин дарегине айтылган сын-дооматтар жана убактылуу кызматтан четтеп туруу керектиги жөнүндө журналисттин суроосуна Ташиев “Мен ушундай жоопкерчиликтүү кызматта турам, убактылуу четтеткенге болбойт”, –  деп жооп берди. 

 

Factcheck.kg бул билдирүүнү текшерип көрдү. 

Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматын аркалайт жана Министрлер кабинетинин мүчөсү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө мыйзамынын 12-беренесинде Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын аткаруудан четтетүү тууралуу мындай деп айтылат:

 Министрлер Кабинетинин мүчөсү ага карата кызматтык тергөө жүргүзүү мезгилине же тергөө жана соттук териштирүү мезгилинде өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаруудан Президент тарабынан мыйзамга ылайык четтетилиши мүмкүн.

Мындан тышкары, УКМК жетекчиси этикалык себептерден улам кызматтан кетиши мүмкүн, себеби ал комиссиянын ишинин жыйынтыгына саясий таасир этиши мүмкүн

Белгилей кетсек, мыйзамда “жоопкерчиликтүү кызмат” деген түшүнүк жок. 

18-июнда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен “Айыл банктын” башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары, саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча фактыларды иликтөө боюнча жумушчу комиссия түзүлгөн.

Эске салсак, 16-июнда Factcheck.kg УКМК жетекчисинин “Жаңы жүздөр” басылмасына берген эксклюзивдүү маегин текшерип, анда манипуляция, коркутуу жана жалган маалымат 13 ирет айтылганын аныктаган.

Жыйынтык: жалган. Ташиевдин “кызматтан убактылуу четтегенге болбойт” деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт.