(Кыргыз) Рим папасынын жылаңач моделге лайк койгону жартылай чындык

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Lenta.ru сайты Франциск Рим папасынын Instagram социалдык тармагындагы бразилиялык моделдин жарты жылаңач түшкөн сүрөтүнө жактыруу (лайк) баскычын койгондугу тууралуу маалымат жарыялаган. Бирок бир аздан соң бул белги жок болуп кеткен.

Сүрөттө кыска юбка  кийген моделди көрүүгө болот. Ага эки миллиондон ашуун адам катталгандыгы тууралуу маалымдалат.

Рим папасы моделдин сүрөтүн чын эле “жактырганбы”? Factcheck.kg тешкерип көрдү.

Наталия Гариботто аттуу бразилиялык моделдин расмий баракчасына баш багып, жогоруда айтылган сүрөттү таптык. Ал 5-октябрь күнү социалдык тармакка жүктөлгөн,  бирок аны “жактыргандардын” арасынан Рим папасынын @franciscus аттуу расмий аккаунту табылган жок.

Ал эми 2-ноябрда Наталия Рим папасынын расмий баракчасына баш багып, кайрадан өзүнүн аккаунтуна кайткандагы видео менен бөлүшкөн. Дал ушул тасмадан  @franciscus аттуу колдонуучу ага “лайк” баскычын койгонун көрсө болот.

Жаңылыштык болуп калбашы үчүн Instagram социалдык тармагынан @franciscus аккаунтуна окшош же тектеш аттарды издеп, мындай баракча жападан жалгыз экенине ынандык.

Мындан улам, моделдин жартылай жылаңач түшкөн сүрөтүнө Рим папасынын аккаунтунан чын эле “лайк” басылган деген жыйынтык чыгарабыз.

Жыйынтык: жартылай чындык. Рим папасынын расмий баракчасынан бразилиялык моделдин сүрөтүнө “лайк”  баскычы коюлган. Бирок баракчаны ким алып барары белгисиз болгондуктан, моделдин сүрөтүн Рим папасы жеке өзү “жактырды” деп кесе айта албайбыз.