(Кыргыз) Одессанын полициясы Кадыржан Батыровдун өлүмүн тастыктады

(Кыргыз) Кыргызстандын ЖМКларында 4-декабрга караган түнү Одесса шаарында (Украина) экс-депутат жана КРдин жараны Кадыржан Батыровдун өлүмү тууралуу маалымат тарады. FactCheckKG бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерүүгө алды.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Кыргызстандын ЖМКларында 4-декабрга караган түнү Одесса шаарында (Украина) экс-депутат жана КРдин жараны Кадыржан Батыровдун өлүмү тууралуу маалымат тарады. FactCheckKG бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерүүгө алды. Батыровдун туугандарынын айтымында ал намаз окугандан кийин жатып уктаган боюнча турган эмес. Мындан башка маалымат жок.  Кийинки күнү пайда болгон маалыматтар боюнча Кадыржан Батыровдун сөөгү Кыргызстанда эмес, Украинада коюлмак болду.

Интернетте социалдык тармактардын колдонуучулары Кадыржан Батыровдун өлүмү боюнча шектенүүлөрүн жашырган жок. Мисалы, саясат таануучу Алмазбек Акматалиев өзбек диаспорасынын лидеринин өлүмүн Данияр Үсөнов менен байланыштырууда. Эскерте кетсек, Данияр Үсөнов дагы өзүнүн өлүмү тууралуу маалыматты таратуу менен фамилия жана атын Даниил Урицкий деп өзгөртүп алган. Учурда ал Беларусь өлкөсүндө компанияны башкарып иштеп келет.

FactCheckKG ресурсунун дарегине бул маалыматты текшерүү өтүнүчү менен бир нече адам кат жолдошту. Биз Одесса шаарынын ЖМКларына кайрылып көрдүк. Оdessa.online интернет басылмасынан бизге “Биздин каналдар боюнча Кадыржан Батыров тууралуу маалымат жок…” , – деген жооп келди.

Одесса облусунун Улуттук полициясынын башчысынын кеңешчиси Руслан Форостяк

FactCheckKG маалыматты тактоо үчүн Украинанын полициясына кайрылды. Одесса облусунун Улуттук полициясынын башчысынын кеңешчиси Руслан Форостяк Кадыржан Батыровдун өлүмүн тастыктады. «Факт бар, полицияда бул өлүм катталды: алдын-ала маалыматтар боюнча өлүмгө табигый себептер түрткү болгон, адам өлтүрүүнүн издери аныкталган жок», – деди ал.

Эскерте кетсек, Кадыржан Батыровго 2010-жылдын май айында Кыргызстандын түштүгүндө массалык баш аламандыкты жана сепаратисттик иш-аракеттерди уюштуруу боюнча айыптоолор тагылган.  Бул учурда ал Кыргызстандан качып чыгып кеткен жана ага издөө жарыяланган. Жыйынтыгында, сырттан ага айып коюлуп, өмүр бою эркинен ажыратуу чечими чыккан болчу.